Мышык - чычкан

Википедия дан

Мышык - чычкан – өспүрүм балдардын оюну. Оюн тегиз аянтчада, оюнчулар өздөрү тандаган жерде ойнолот. Оюнга 25–30 оюнчу катышат. Алар кол кармашып, тегерек тартып турушат. Калыс оюнчулардан өзү каалаган эки оюнчуну ортого чакырат. Алардын бирин «мышык», бирин «чычкан» деп атайт. Мышыкты оюнчулардын арт жагына, чычканды ортого тургузат. Калыс оюнду баштоого белги бергенде мышык чычканды кубалап жөнөйт. Чычкан тегерек тартып кол кармашып турган оюнчулардын колдорунун астынан өтүп, мышыкка жеткирбей качат. Мышык чычкандын артынан калбай кубалап, чычканды кармап алууга аракеттенет. Оюнчулар көбүнчө колдорун көтөрүп, чычканга жол ачып, колдорун түшүрүп, мышыктын жолун тосушат. Мышык чычканды кармап алса, мышык менен чычкан оюнчуларга кошулат. Андан кийин калыс оюнчулардан эки оюнчуну ортого чыгарып, кайрадан мышык-чычкан деп атайт. Ошентип, оюн улантыла берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]