Мэн-цзы

Википедия дан
Мэн-Цзы.

Мэн-Цзы Мэн Кэ (б. з. ч. 372289-ж. ченде) — байыркы кытай фи­лософу, Конфуцийдин, жолдоочусу.

Лу падышалыгынын Цзоу аймагында (азыркы Шаньдун провинциясында) туулган. Конфуцийдин шакирттеринен таалим алган. Тектүү ак сөөктөрдүн идеологу болгон, калың эл менен ак сөөктөрдүн ортосундагы күрөштү басаңдатууга аракеттенип,Мэн-Цзы элди гумандуулук менен башкаруу теориясын түзгөн, дыйкандар арасында жерди тең бөлүштүрүү идеясын үгүттөгөн, легистер мектебинин (Фацзянын) негизги жоболорун сындаган.

Конфуцийдин «ак сөөктөр» (цзюнь цзы) «букаралардан» (сяожень) артык деп айтканын жактап, теңсиздикти негиздүү деп тапкан. Мэн-Цзынын оозеки айткан акыл сөздөрүн шакирттери жазып калышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.