Мэрия

Википедия дан

Мэрия – (фр. maire, лат. major – чоң, улуу) – бир катар мамлекеттердеги муниципалитеттердеги жогорку кызмат адамы. Мэрди шайлоо же түздөн-түз калк тарабынан, же муниципалитеттин өзү аркылуу жүргүзүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө мэрдин кызматына борбордук өкмөт тарабынан дайындалат же бекитилет.

Мэрия муниципалдык администрацияны башкарат. Ал муниципалдык бюджеттин даярдалышына жана аткарылышына жооп берет, муниципалдык кызматтарга адамдарды дайындайт, аппараттын иш аракетин багыттайт. Кээ бир өлкөлөрдө жана алардын шаарларында Мэрия өзүнчө өкүлчүлүк жана төрагалык функцияларды аткарат. Андан башка төмөнкүдөй да муниципалдык башкаруунун формасы жайылган: калк шайлаган Кеңеш шаардын чарбасын квалификациялык жетектөө үчүн башкаруучу жалдашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9