Мээлей

Википедия дан
Нитрил мээлейи

Мээлей, кол кап — колго кийилчү кийим. Жүндүү териден, жаргактан, булгаарыдан, таардан, калың ноотудан бармагынан башкасы туюк же салаалуу (беш салаа) жасалат, о. эле жүн, кебез, тыбыт, жибек жиптерден эки, үч, беш салаа чыгарылып токулат. Булгаары, нооту жана сокмо мээлейлер сууктан колду сактоо үчүн, ал эми тери, жаргак, таар мээлейлер колду механикалыктаасирлерден сактоо үчүн, жалаң кат булгаары жана жибек мээлейлер сулуулук үчүн кийилет. Электр тогунан же уулуу заттардан сактануу максатында резинадан жасалган М-лер да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]