Мээрим Толепберген

Википедия дан

Мээрим Толепберген (8-февраль, 1992-жыл) – "Инстаграм" социалдык тармагында миллиондогон каталуучулары бар белгилүү блогер[1]. Жаштар жана аялдар арасында активдүү жана ийгиликтүү жашоо образын жайылткан айым. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы улуттук элчиси[2] (2019). Ырчы Мирбек Атабековго турмушка чыккан. 2023-жылы жайында ажырашып кетишкен[3]

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2023-жылдын август айында Мээрим Төлөпберген өзүнүн инстаграм баракчасында белгилүү кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен 10 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кеткенин билдирген.[4]

«Менин жомогумдун аягы кайгылуу. Анын аягы бар, кимдир бирөө үчүн бул романтикалуу эмес, бирок эң негизгиси чынчыл жана чын ыкластуу. Кыргыз элинин эң таланттуу артисти, уулу катары Мирбекти чексиз сыйлайм жана сүйөм. Биздин ортобузда балдар, көп жылдар бою жашаган эскерүүлөр бар. Бирок жашоодо жолдор бөлүнгөн учурлар болот. Мен чын жүрөктөн ага өзүнүн адамын табышын, бакыт, ден-соолук, жана чыгармачылык ийгилик каалайм. Мен жашоонун кайсы бир мезгилинде анын жанында болуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазымын. Биздин балдар биз менен болгон эң жакшы нерсе жана алар чындап бактылуу ата-энелерди көргөндө гана бактылуу болоруна ишенем»[5], — деп жазган Мээрим Төлепберген.

Ал үчүн бул жөнүндө айтуу оор экенин жана себебин түшүндүрбөй турганын билдирди.

«Мен эч нерсени түшүндүрбөйм, айтпайм. Бул тууралуу айтуу мен үчүн абдан оор. Бирок бизди түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ишенем», — деп жыйынтыктады ал.

Мирбек Атабеков жана Мээрим Төлепберген 2013-жылы баш кошушуп, 10 жыл чоогу жашашкан. Алардын үйлөнү тою жылдыздардын арасында “Жылдын тою” деп аталган[6].Жубайлардын үч баласы бар: 2015-жылы туулган уулу Адам, 2018-жылда туулган кызы Ыйман, 2020-жылы туулган кызы Суйуу. Атабековдордун үчүнчү баласы алардын тун баласы сыяктуу АКШда төрөлгөн.[7]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мээрим Толепберген "Инстаграмда"https://www.instagram.com/meerisha/
  2. UNICEF Kyrgyzstan. https://www.facebook.com/UNICEFKyrgyzstan/photos/a.365526396938037/1308046596019341/?type=3
  3. "Бакыт каалайм". Мирбек Атабековдун жубайы мамилелери тууралуу үн катты. kaktus.media,28 август 2023 https://kaktus.kg/doc/14147_bakyt_kaalaym._mirbek_atabekovdyn_jybayy_mamileleri_tyyralyy_yn_katty.html
  4. Мээрим Толепберген. В любой сказке бывает конец https://www.instagram.com/p/Cwdxrf-oW5a/?utm_source=ig_web_copy_link
  5. Мээрим Төлепберген Мирбек Атабеков менен эки жолго түшкөнүн билдирди. 24kg, 28-август 2023,https://24.kg/kyrgyzcha/273590_meerim_tolepbergen_mirbek_atabekov_menen_eki_jolgo_tushkonun_bidirdi/
  6. Мирбек Атабековдун үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү репортаж.https://www.super.kg/article/show/29391
  7. Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Толепберген үчүнчү наристесин күтүүдө экенин билдирди. kaktus.media, 21-август 2019 https://kaktus.media/doc/396621_sypryga_mirbeka_atabekova_meerim_tolepbergen_soobshila_o_tretey_beremennosti.html