Мээ кыртышы
Көрүнүш
Мээ кыртышы - киши жанa сүт эмүүчү айбанаттын мээсинин чоң жарым шарларын каптап туруучу кальций. 1—5 мм келген боз заттын катмары.
- Ал түзүлүшү жанa функциясы боюча нерв системасынын эң жог. жана татаал функциясын аткаруучу бөлүгү.
- Мээ кыртышы нерв системасынын төмөнкү бөлүктөрү менен эки жактуу байланышта болгондуктан ал организмдин баардык функциясын жөнгө салууда катышат.
- Мээ кыртышынын жалпы бети 1468—1670 см.
- Мээ кыртышын түзгон нерв клеткалары катмар жанa узатасынан кеткен тилке боюнча жайгашат. Нерв клеткаларынын арасы глия клеткаларына жанa майда кан тамырларга бай.
- Мээ кыртышынын бардык бөлүгү 7 (l-үстүңкү, 2-тышкы бурчтуктуу, 3-пирамидалык, 4-ички бурчтуктуу, 5-ганглиялык, 6-үч бурчтуу, 7-ийик сымал клеткалардан турган) катмардан турат. Мээ кыртышы узак эвол. өөрчүүнүн натыйжасында пайда болгон. Мурда балыктарда жыт сезгич анализаторлордун өөрчүшү менен байланыштуу байыркы Мээ кыртышы пайда болгон.
- Суудан кургакка чыккандан кийин организмдерде кургакка жашоого ыңгайланган түрдүү сезгич жанa кыймылдаткыч системалар пайда болуп, Мээ кыртышынын түзүлүшү татаалданат да, ал сүт эмүүчүлөрдө (анын ичинен приматтарда), пилдерде жана кит сымалдарда абдан өөрчүйт.
- Мээ кыртышынын жаңы бөлүгү тегиз өспөгөндүктөн, анын бетинде ийри-буйру жылга, бөксөлөр пайда болгон. Мээ кыртышы жана анын алдындагы структуралар тыгыз байланышта бирдиктуу системаны түзөт.
- Мээ кыртышынын функциясын И. П. Павлов топтук изилдеп, ал жогорку нерв иши жөнүндө материалисттик окууну түзгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.