Мүмкүндүк жана чындык
Мүмкүмдүк жана Чындык – объективдүү дүйнөнүн диалектикалык өнүгүшүн, нерселердин пайда болуу жана өнүгүү этабын чагылдырган философиялык түшүнүк. Мүмкүндүк-белгилүү бир шартта пайда болуп, чындыкка айлана турган нерсе. Чындык- мүмкүндүктүн ишке ашырылышынын натыйжасы катары жашап турган (нерсе, абал, кырдаал) объект.
Мүмкүндүк жана Чндык терминин Аристотель биринчи колдонгон. Кийин бул термин-түшүнүктөр Г. Гобсс, И. Кант, Г. Гегелдин диний эмгектеринде кеңири колдонулган. Марксчыл философтор да бул түшүнүктөргө кеңири кайрылып, Аристотель менен Гегелдин багытын улантышкан.
Мүмкүндүк абстрактуу жана реалдуу болуп бөлүнөт. Тигил же бул кубулушту пайда кылуучу Чындык шарт жок болсо, ал абстрактуу Мүмкүндүк делет. Ал бир нерсеге өсүп жетпеген багытты да түшүндүрөт. Коомдук турмушта адамдардын ишмердигинин натыйжасында гана Мүмкүндүк Чындыкка айланат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8