Мөдөн кыргыз

Википедия дан

Мөдөн кыргыз – Түштүк Сибирдин, Моңголиянын аймагындагы кыргыз урууларынын бири. Азыр алар өз тилин жоготуп, халха-моңголдордун курамына сиңип кетишкен. Айрым адабияттарда «кыргыз», «бурут» уруулары кирген Түндүк-Батыш Моңголияда этностук топтор (дөрбөн, мингат ж.б.) «уранхайлар» деген ат менен да белгилүү. Мадян (моңг. – тува «мөдө») – моңгол, тува тилдеринде «сымал», «сыңары». «окшош» маанилерин туюнтат. Мөдөн кыргыз – «кыргыз өңдүү», «кыргызга окшош» дегенди түшүндүрөт. Ушул эле аймакта «хара хыргыс», «шера хырхыс», «хасха хырхыс» жана уруу-уруктар бар экендиги маалым.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.