Мөмөнү уруп түшүрүү

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—3 киши.

Оюн бакта өткөрүлөт.

Оюнда таякчалар кесек топурак, чакан таштар.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар уруп түшүрө турган мөмөнү белгилешип алышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден белгилешкен мөмөнү кезек менен уруп түшүрүүгө аракеттенишет, Урулуп түшүрүлгөн мөмө, уруп түшүргөн оюнчунуку болот. Андан кийин, оюнчулар башка мөмө белгилешип оюнду улантышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көк жолу мөмөлөрдү уруп түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун дагы бир башка түрү. Мөмө күүбү.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга, дарактын түбүңдө турууга болбойт,

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, көздөөгө, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]