Мөмө-жемиш ширеси

Википедия дан

Мөмө-жемиш ширеси – жапайы жана өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн мөмө-жемишинен даярдалган азык. Шире бир түрдүү, аралаш (эки же андан көп түрдүү) мөмөдөн даярдалып, канттуу, газдалган жана коюуландырылган, о. эле сапатына жараша тунук, киргилт жана маңыздуу болот. Накта ширеге суу, кант жана башкалар. кошулбайт. Ширеге кычкылдуулугуна жараша 5–15% кант кошулат. Тунук, киргил шире даярдоодо мөмө, жемиш жуулуп, майдаланып, пресстелет. Маңыздуу шире даярдоодо мөмөдөн данеги, сабагы жана башкалар. алынып, мөмө эзилип, майдаланганча ысытылат да электен өткөрүлөт. Мөмө-жемиш ширесинде баалуу азык заттары (кант, органикалык кислота, витамин, минерал туз, пектин жана жыпар жыттуу заттар) болот. Эң баалуусу – сулпулуу шире, анда эрибеген заттар да сакталат. Ит мурун, карагат, чычырканак, апельсин, мандарин ширелери С витаминине өтө бай келет. Ширелер суусун катары жана кисель, шарап, сироп жана башкалар. азыктарды даярдоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]