Мөмө таарыгычтар

Википедия дан

Мөмө таарыгычтар - мөмө дарагынын таарыгычтар тукумундагы зыянкечтери.

Ашкере зыяндуусу: алма сойлогучу (таарыгычы), анын уз. 6—7 мм, алмурут сойлогучу, кара өрүк сойлогучу, уз. 4—5 мм, чие сой­логучу, уз. 4—6 мм. Денеси ак саргыч, башы кара күрөң түстүү.

Топуракта кыштап, жаз алды менен даракка жармашат. Мөмө таарыгычтар Батыш Европада, Сибирдин кээ бир райондорунда тараган. Мөмө дарак гүлдөгөндон 5—7 суткадан кийин көпөлөгү учуп чыгат да, жаш мөмөгө куртун таштайт. Сойлогуч мөмөнүн сыртын жейт.

Зыянга учураган мөмө күбүлөт, түшүмү начарлайт. Күрөш чарасы: мөмө дарагы гүлдөрдөн мурда инсек­тицид чачуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.