Мөңгү чөкмөлөрү

Википедия дан

Мөңгү чөкмөлөрү – байыркы доорлордо, ошондой эле азыркы кезде жер бетин каптап жаткан мөңгүлөрү менен материктик муздардын кыймыл-аракетинен келип чыккан чөкмө тектер. Өз ичинен муз-мөңгүлүү жана суу-муздук чөкмөлөрдөн турат. Муз мөңгү чөкмөлөрү (гляциалдык же мореналык) кесек талкаланган тектердин муз-мөңгүлөрдүн арасында (ичине, капталына, ортосуна, таманына, үстүнө) тоңуп калышынан же мөңгүлөрдүн сүрүп шиленишинен пайда болот. Мында кесек талкаланган тектер чоңдугу боюнча иргелбейт. Негизинен коргул, корум, шагыл сыяктанган бөлүкчөлөрдөн турат. Алардын арасынан чопо, кумдуу чопо, кумдуу топурак, кум орун алат. Суу-муз чөкмөлөрү муз-мөңгүлөрдүн арасында же чет-тарабында кездешет. Кесектери чоңдугу боюнча иргелет. Мореналардын суу менен агышынан, муздун, мөңгүнүн шиленишинен пайда болот. Булардын арасында флювиогляциалдык (агын суу менен мөңгүлөрдүн бирдиктүү аракетинен пайда болуучу) чөкмөлөр, башкача айтканда эриген суулар агызып келген кыйгач кабаттанган кумдар, майда шагылдар жолугат. Лимно-гляциалдык (көлдөр менен мөңгүлөрдөн пайда болуучу) чөкмөлөр музмөңгүлөрдүн арасынан же мөңгүлөрдүн этегиндеги көлдөрдөн орун алат. Тасма чополор кездешет. Муз-мөңгү чөкмөлөрүнүн бардыгы татаал түзүлүштөн (мөңгү комплекстери, формацияларынан) турат. Антропоген мезгилиндеги муз каптоо доорлорунда пайда болгон мөңгү чөкмөлөрүнүн мааниси зор. Мөңгү чөкмөлөрү кембрийге чейинки мезгилдерде, ордовикте да пайда болгон. Бирок, алар күчтүү өзгөрүүлөргө учурап, тапталып ныкталган, биригип камдашкан. Айрым учурда метаморфизм процессине дуушар болгон (мисалы, тиллиттер).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]