Михаил Раухвергер

Википедия дан
М. Раухвергер‎»‎ барагынан багытталды)

Раухвергер, Михаил Рафаилович (1916, Одесса —1989, Фрунзе) — композитор, пианист. Кыргыз ССРинин эл артисти (1961). РСФСРдин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). 1927-ж. П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын Ф. Блауменделдден фортепиано классы боюнча бүтүргөн. 1928—34-ж. Москва консерваториясында ассистент, доцент, профессор жана фортепиано кафедрасына башчы. Чыгармачылыгын консерваторияда окуп жүргөндө баштап, балдар үчүн ыр, хорлорду жазган. 1940-ж. Кыргызстанга келип «Ой тобо», «Ак кептер» өңдүү элдик ырларды үн жана фортепиано, хор үчүн иштеп чыккан. Музыкалык спектаклдердин, кинофильмдер үчүн музыканын автору. Кыргыз элинин баатырдык эпосу «Манаска» кайрылып А. Куттубаев менен бирдикте «Манас менен Алмамбет» (1944) драмасына музыка жазган. Ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4