Манас менен Алмамбет

Википедия дан

«Манас менен Алмамбет»«Манас» эпосунун окуяларынын негизинде орус тилинде жазылган 4 көшөгөлүү, 6 сүрөттүү баатырдык драма (Фр., 1942). Автору К. Рахматуллин, Т. Сыдыкбеков. 1943—46-жылдары Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында коюлган. Пьеса Кыргызстан Жог. Советинин Ардак грамотасына татыктуу болгон. Спектаклди койгон артист А. В. Милославский (кеңешчиси искусствого эмгек сиңирген ишмер. А. Куттубаев). Жасалгасы сүрөтчү М. Я. Гафтыкы, музыкасы М. Р. Раухвергердики. Спектаклдин негизги өзөгүн Чоң казат окуясы, Алмамбеттин Манаска келиши, алардын достугу жана душманга каршы күрөшү түзөт. Спектаклде баш каарман Манастын ролун А. В. Милославский, Алмамбетти В. С. Офицеров аткарган. Башка ролдорду аткаргандар: Каныкей — О. Д. Петрова, Алтынай — Н. И. Данилова, Бирмыскал — республиканын эмгек сиңирген артисти К. Г. Ефремова, Бурулча — 3. А. Корешкова, Тайхо — К. С. Лунгрен, Чубак — республиканын эмгек сиңирген артисти И. И. КовальСамбарский, Коңурбай — республиканын эмгек сиңирген артисти А. П. Розанцев, Азизкан — С. Г. Дигам, Мажик — А. Б. Прибыловский. Спектакль ийгиликтүү коюла баштаганы менен ошол мезгилде «Манас» эпосунун айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу театрдын репертуарынан алынып ташталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4