Наар түшүрүү

Википедия дан

Наар түшүрүү - салттуу көн (шири) буюмдарына жана ашкана идиштерине көркөмдүк берүүнүн эң эле эски ыкмасы. Мында кыз-келиндер токуна турган тердикте түшкөн «наар» башкалардан айырмаланат. Бул түр өтө сыйда, ичкерээк, назик көрүнөт. Эч кандай кайыкчылыкты колдонбой, буюмдан өөн-бучкак келтирбей, бир четинен мөмө шак бутактанып, же «бадамча», «мүйүзчө», «жүрөкчө» оюмдарынын элементтерин «кыялданып» таштоочу чеберлер көп чыккан. Мунун да кыз-келиндерге жана эркектерге таандык үлгүлөрү бар. Ал булгаары менен кара кийизден жасалат. Айрым жерде таар тердик да болот. Тердикке боз кийиз ичтелет. Кыз-келиндердин тердиги өлчөмү боюнча эркек тердиктен чоңураак келет да, анын бети саймаланат. Жээктерине «кыял», «кайкалак» көчөттөрү түшүп, ал баркут же манат, нооту менен кыюуланат. Ага илгери кундуз да бастырышкан.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]