Нагпур

Википедия дан
Нагпур.

НагпурИндиянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Наг дарыясынын боюнда. Калкы 2,4 миллион (2010). Кебез-кездеме өнөр жайынын жана пахтачылык аймагындагы ири соода-транспорт борбору. Машина куруу, тамак-аш, айнек-карапа, тактай-кагаз жана полиграфия ишканалары иштейт. Кустардык жол менен кездеме токулат жана көркөм буюмдар жасалат. Ситабалди форту (1818) сакталган. Университет, археологиялык музей бар. Нагпурга жакын жерде марганец казылып алынат. Апельсин өстүрүлөт. Зоопарк уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]