Надир шах
Надыр шах نادر شاه افشار
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Афшар династиясынан чыккан Иран шахы, 1736-1747-жылдары башкарган. 1688-жылы 22-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 1747-жылы 20-июндадүйнөдөн кайткан. Улуу иран кол башчысы Надыр шах же жаш кезиндеги аты Надыр кули, Афшар уруусунун Кырклу уругунан чыккан, алар Сефевиддер аркылуу Азербайжандан Хорасан облусуна өзбектер менен күрөшүү үчүн көчүрүлүп келинген. Ал 1688-жылы ноябрь айында кедей кембагалдын үй бүлөсүндө дүйнөгө келген. Атасынын кесиби жөнүндө маалымат калган эмес, ал эми кээ бир булактар аны койчу, төөчү, булгаарычы же дыйкан болгон дп жазышкан.
Бала чагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Надыр кули 18 жашында апасы экөө Хорезм өзбектери аркылуу кулчулука айдалып кеткен. Арадан көп өтпөй кайрадан Хорасанга качып келет да,бир канча жыл ал жерде ар түрлүү хандардын армиясына жардам берип жүрүп, аскер башчыга чейин көтөрүлгөн.
Аскердик чабуулдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1722-жылы иранда дүрбөлөң башталганда (мамлекетти афгандар менен түрктөр басып киргенде), Надыр кули каракчылык топту баштап, көп өтпөй анын аты бүткүл Хорасанга жайылат. Ошентип, таасирдүү хандар өз мүлкүн сактап калуу максатында, ири акча берип анын колдоосун алышкан. Алардын көбү, анын тобун ич ара согушка катышуу үчүнжалдап турушкан. Надыр кули, кызын ала качып үйлөнүп алган атактуу Бабулбек ханга кызмат өтөгөн. Ал никеден Реза кули аттуу уул төрөлгөн. Ал учурда Келатта байкесижашаган. Ал Надыр кулинин эрдиктерин угуп Келаттан афгандарды кууп салуу үчүн чакырган. Надир кули сунушту кабыл алып, тоноочулардын жүрөгүнүн үшүн алгандыктан, алар көп жылдар бою даап кол сала алышкан эмес. Надир кулинин ийгилигине сүйүнгөн байкеси, абийирсиз тоноочулукту таштап, өз өлкөсүн ар тараптан болгон кысымдардан коргоону сунуштап, мындай деген: “Кылган зулумдугуңду шах алдында бир гана ушундай жол менен өзүңдү актай аласың, болбосо биде болбосо бирде уятсыз өлүмгө кабыласың”. Бул сөз тайманбас Надир кулиге катуу таасир тийгизген. Ошондон баштап ал өзүнүн бүт күчүн Ирандан баскынчыларды кууп чыгуу үчүн жумшаарына сөз берген. Надыр кули биринчи Мешхедге катуу сокку уруп ыйык шииттердиншаарын систандыктардан тартып алган. Ошентип Надырдын даңкы бүткүл өлкөгө тараган. 1726-жылы өзүнүн ири тобу менен Мазандаранга кирген, ал жакта жаш шах ТахмаспII афгандыктар менен күрөшүүүчүн кол топтоп жаткан. Шах аны өтө сый менен кабыл алып, аны өзүнө кызмат өтөөсүн чакырган. Ошентип, Надыр кулиге Мазандаран аймагын баскынчы түркмөндөрдөн бошотууну буйрук кылган. Надыр кули шашылыш Астрабадка сапар тарткан. Фарнабаддан түркмөндөргө күтүлбөгөн жерден кол салып, аларды талкалаган. Андан соң Астрабадды колго алып, душмандар тоногон олжону тартып алган. Шах өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, ага«Султан» наамын ыйгарып, Мазандаран жана Хорасандын облус башчысы катары дайындаган. 1729-жылы Надир султан Герат шаарына жоортул жасоого шахтын уруксатын алган. Апрель айында армия Мешхедден жоортулга аттанган. Жолдон афган күчтөрүнө каршы бир катар жеңишке жетип Гератты курчоого алган. Андан көп өтпөй афгандыктар тынчтыкка чакырып, июнь айында Надыр султан менен Герат Ирандан вассалдык көз каранды экенин жана аларга эмирди шахтын шайлаарын жөнүндө келишим түзүлгөн.Ошентип, баардык перс кулдары эркиндике чыккан. Аллоярд эмир болуп дайындалган. Надир султан Мешхедге кайтып келип, 1729-жылы Исфаханга жоортулга чыккан. Жол карай афгандыктарды эки ирет, алгач Мехмандуст дарыясынын жээгинде, андан соң Дарри Хар капчыгайынан катуу сокку урган. 29-ноябрда душмандар Мурчехуртеден толук жеңилүүгө дуушар болуп, борбордон качууга мажбур болгон. 21-декабрда Надыр Исфаханга кирген. Шахтан сыйлык катары Тохмасп кули хан (б.а.) Тохмасп шахтын кызматчысы) наамын алган. Афгандар менен болгон согуш соңуна чыккан соң, Надыр хан 1730-жылы түрктөргө каршы жоортулга чыккан, ал убакта түрктөр Грузия, Армения, Азербайжан, бүт Ирандык Курдстан, Хамадан, Кераманшах жана Персиялык Ирактын ири бөлүгүн ээлеп турган. Душмандарды бир канча ирет жеңген соң, Надыр хан алгач Хамадан жана Караманшахты кайтарып алган, андан соң Азербайжанга жоортул жасаган. 1730-жылы август айында Тебризди алган. Ал учурда Гератта жаңы көтөрүлүш башталган. Аллоярд шахтын кишиси Зулфикар хан тарабынан куугунтука алынган, жаңы хан өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялап Хорасанга жоортул баштаган. 1731-жылы Надыр хан экинчи ирет Гератка жоортул жасап, май айында аны басып алган. Герат коргоочулары тамак аштын жетишсиздигинен улам 1732-жылдын март айында багынууга мажбур болушкан. Надыр хан жеңилгендерге ырайымдуулук кылып, өзармиясына өлтүргөндү жана тоноону тыюу салган. Жада калса Алоярдды сатып кеткен башчыга да ырайым кылган. Тахмасп 1731-жылы анын аскер башчысы Гератта жүргөндө түрктөргө каршы Ереван жана Нахичеванды басып алуу максатын көздөп жоортул уюштуган, бирок катуу жеңилүүгө дуушар болуп, туткунга түшүп кала сактаган. Түрктөр кайрадан Хамадан, Карманшах, Тебриз жана башка шаарларды басып алышып, түштүк тараптан Хузестанга киришет. 1732-жылы 10-январь Тахмасп менен түрктөрдүн ортосунда шах Аракс дарыясынын жээгинин түндүк тарабындагы аймактарды толук бойдон түрктөргө өткөзүп берүү жөнүндөтынчтык келишими түзүлөт. Мында кабар тез эле Надыр ханга жетет. Ал Тахмасптка кайрылуу жасап түрк султанына баардык басып алган аймакты кайтарып беришин, болбосо согуш ачаарын айтып кат жөнөткөн. Ошол учурда ал Россия менен Ирандагы дүрбөлөңдөн пайдаланып каспий аймагын өзүнө каратып алган жерлерди кайтарып алуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жаткан. 1732-жылдын февраль айында Рештте буга чейин Тахмасп II аркылуу берилген Гилян, Мазандаран жана Астрабад аймакатарын Иранга кайтаруу келишими түзүлгөн. (Кийинчереек 1735-жылымарт айында Россия Гянжин келишими боюнча Иранга Баку жана Дербентти өткөзүп берген.) 1732-жылдын август айында Надир хан Исфаханга кайтып келген, бирок шах өз эл ичинде атагы чыккан аскер башчысынан кооптонуп, аны шаарга киргизбей койгон. Тахмасп жалгыз ганаНадир ханды кабыл алганга макул болуп, өтө суз мамиле жасаган. Лагерге ызалуу кайтып келген Надыр шах, шахты кулатуу максатын айтып: “Персиянын башына келген оор мүшкүл, Тахмасп шахтын мамлекетти башкара албашынан келип чыкты, анын тартынчаактыгы менен көңүлкоштугунун айына, биз өзүбүздүн бай аймактарыбызды тарттырып ийип олтурабыз. Биз өлкөнү шахты бийликтен кетирүү жолу аркылуу гана сактап калабыз” деген. Ошентип, баардык аскер башчылар төңкөрүш жасоого макулдугун беришет. Бирок ал убакта шах ага каршы жасалган чыккынчылыкты сезбестен, 26-августта министрлердин коштоосу менен Надыр хандын аскерин текшерүү лагерге барат. Лагерден аны куурчап алып бийликтен кетүүсүн талап кылышат да, арадан көп отпөй Тахмаспты хорасандын чептеринин бирөөсүнө жөнөтүшкөн. Ошентип, Тахмасптын сегиз айлык уулу Аббас III шах болуп жарыяланган. Башкача айтканда ошол күндөн баштап бийлик Надыр хандын колуна өткөн. 1732-жылдын соңунда перс армиясы түрктөргө каршы чабуул жасаган. Хамадан жана Керманшахты колго алып Багдадды курчоого алган. Бир аз убакыттан соң Осмнондордун Топал кол башчысы баштаган түрк армиясы Иранга кол салган. Алар менен болгон согуш 1733-жылы 19-июнда Тигр дарыясынын жээгинде Самара кыштагында болгон. Согуш маалындаМосулдан кайтып келе жаткан дагы биртүрктөрдүн армиясы Ирандыктарга сокку урган. Аябагандай катуукаршылыккөрсөтүүгө карабай ирандыктар чегинүүгө дуушар болушкан. Көптөгөн жоокерлер качып баратып Тигр суусуна чөгүп өлүшкөн. Надыр хан Хамаданга келип, ал жерден чачылган армиясын чогулткан. Кийинки үч ай бою жаңы күч топтоп, өз армиясын мурдагыдай көп санга жеткизген. 1733-жылдын ноябрь айында Надыр хан жаңы күч менен Багдадга жоортул уюштурган. Бул жолкусунда түрк армиясы толук кыйроого учураган жана Топал согушта өлгөн. Декабрь айында Надир хан менен түрк армиясынын башчысы Ахмад паша ортосунда согуш аракеттерин токтотууга келишим түзүлгөн. Ал Турциядан 10 жыл ичинде басып алынганирандын баардык аймактардын кайтарып беришин өтүнгөн. Бирок Порта келишимге кол коюудан баш тарткандыктан 1734-жылдын орто ченинде кайрадан согуш аракеттери башталган. Надыр хан Гянжу, Тбилиси жана Аракстын түндүк тарабындагы башка шаарларды басып алып, түрк аймагына жоортул жасап Карсты курчоого алган. 1735-жылы ал шаардан алыс эмес жере курчоого калган аскерлерге жардамга келген түрк армиясы менен катуу салгылашуу болгон. Надыр хан Актепе тоосуна аскерлерин чогултуп, аларды күчтөнткөн.Түрк аскер башчысы Абдул паша перс күчтөрүнүн жакын жерде экенин билбей, ал жаккаа жакын келгенде иран артиллериясынын катуу соккусунда калган. Түрктөрдүн армиясы Надыр хандыкынан бир канча көп болгон, бирок курчоодо калгандыктан перс замбиректерине татыктуу жооп кайтара алган эмес. Кечке маал перс армиясы тоодон түшүп келип янычарларга кол салган. Алар туруштук бере албай качканга мажбур болгон. Абдул пашакачып бараткан жеринен өлтүрүлгөн. Ошентип түрк армиясы толук кыйроого учураган. Баардык артиллерия жана тамак аш жеңичүүлөрдүн олжосуна айланган. Август айында перс армиясы Карска жакын келип, аны курчоого алган. Сентябрь айында шаар багынып берген. Октябрь айында армия Грузияга кол салып Тбилисиге кирип келген. Грузин падышасы ТеймуразII шаарды согушсуз бошотуп берген. Надыр хан грузин борборунун элин аман коюп, өлкөнүн башка тарабындагы элди тоноого жана кыйроого учураткан. Өзгөчө Ширванменен Шемахтынтагдырлары өкүнүчтүү болгон. Шемахты перстер пайдубалына дейре жексен кылып элин кулчулукка сатып ийген. 1735-жылдын декабрь айында Надыр хан ѳз армиясын Муган талаасына алып жөнөгөн. Айланадагы баардык төрөлөр Надыр хан тарапка көчүп барышкан. Ээн талаада колго тийген нереселер менен (камыш, ылай, кийиз жана дарактар менен) чоң шаар - 12000 ашуун ичинде мечит, мончо жана базарыда бар убактылуу курулуштарсалынган. Надир хандын өзүнө ошол эле материалдар менен гкооздолуп кооздугу менен айырмаланган чоң сепил салып беришкен. Анын дубалдары кымбат баалу индия кездемелери жана жибеги менен кооздолгон. Андан сырткары жакын жерде атайын Казвинден алынып келген чоң чатыр тигилген. 1736-жылдын январь айында Надыр хан иран аксакалдарынын курултайын өткөзп, чогулган адамдардын ичинен жаңы шахты шайлоо маселесин көтөргөн, анткени Аббас II жаш болгондуктан, бир гана аты менен шах болбосо, иштердин баары аскер башчынын мойнунда болгон. Күтүлгөндөй эле ак сакалдардын көбүнчөсү Надыр хандын шах болушун өтүнгөн. Башында ал бул чоң даражадан баш тарткан, бирок андан соң бир шарт менен бул улуу даражаны алууга макул болгон, ал шарт бири бирин душман туткан сунниттер менен шииттердин кошулушуна тоскоол болбоо болчу. 8-мартта Надыр шахка таажы кийгизүү аземи өткөн. Төрт жашар Аббас атасына Хорасанга жөнөтүлгөн, кийинчерээк экөө тең ал жерде өлтүрүлгөн. Ирандын жаңы борбору болуп Мешхед шаары жарыяланган. Ошол эле жылы Надир шах Афганистанды толук каратууга жоортул уюштурган. Августтун башында армия Исфахандан сапар алган. Ноябрь айында Систанды басып алышкан. Бул жерде жаан көп жаагандыктан систан саздарынан өтүү кыйын болгондугуна байланыштуу ат арабаларды калтырууга туура келген. 1737-жылдын январь айында Надыр шахтын аскерлери Кандагарга барып, негизги күч аны курчоого алып жатканда, персиянын башка күчтөрү Афганистанды жана Белужстанды толук багындырган. 1738-жылы март айында курчоого алгандар чепти басып алган, өзүнүн оор курал жарагын тургузуп Кандагар катуу соккуга учурган. Шаар тургундары шаар ичинде ызы чууга түшүп, баш калкалоого жер издешкен. Шаар башчысы Эмир Хусейн жана жоокерлери шаарды таштап качышкан. Эмир Хуссейн аскерлери менен Кандагарга кирип келип, он жети жыл мурунку өчтү алуу үчүн шаарды жексен кылып элин кырып салышкан. Кандагарды жеңген соң, Надир шах улуу Моголдордун ээлигине кол салуу максатын жарыялаган. Жоортул 1738-жылдын сентябрь айында башталган. Газни тургундары согушсуз жеңилип беришкен, бирок Кабул перс армиясына эшигин жапкан. Надыр шах Окобиан чебин басып алууну, артиллерияны ошол жерге орнотуп шаарды замбирекке алууну буйрук берген. Бир күндүн ичинде Кабулга миңге жакын замбирек огу атылып шаар урандыга айланган. 8-октябрь күнү кечинде шаар өз эшигин ачкан. Надыр шах аларды өлтүрбөй оор салык салган. Чоң олжонун ичинде жүз пил да болгон. Мындан соң Надыр шах өз армиясынатуруштук берүүгө татыктууармияны жолуктурган эмес. Улуу Могол империясынын көптөгөн индус вассалдары Надыр шах менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал тарапка өтүшкөн. Ноябрь айынын соңунда Пешавар багынып берген, аны менен катар Инд аркылуу өтчү маанилүү стратегиялык аймакты ээлеген Аток чеби да багынган. Ошентип, Надыр шах көпүрө курууну буйрук берген. 28-ноябрда армия көпүрө аркылуу дарыянын сол жеегине өткөн. Аны менен катар Желам, Ченаб жана Равнин күчтөрү басып өткөн. Декабрдын ортосунда перс армиясы Лагорго келип, аны 20-декабрда багынткан. Ал жерден Надыр армиясына бир ааз тыныгуу берип, 1739-жылы Делиге жоортул жасаган. Сирхинге жеткенде, Индия башчысы Мухаммад шах өзүнүн эбегейсиз армиясы, министирлери жана шаардан сырткары үч жүз замбирек, эки миң согуш пилдери менен Делиден чыгып Жумна жээгинде Гезмал тарапка отурукташты деген кабарды алган. Бул кабардан эч кандай кабатыр болбогон Надыр шах жоортулун улантып февраль айынын башында Ази Абадды басып алган. Февраль айынын акырында Карнал аймагында (Делиге жакын жерде) чечкиндүү салгылаш болгон. Перс армиясынын саны ал убакта 90 миңдин тегерегинде болгон, ал эми индия армиясы 340 миңден ашуун аскерден турган. Надыр шахтын жоокерлерин индустардын сандык артыкчылыгы эмес алардын согуш пилдери коркуткан. Перстер мындай жаныбарлар менен буга чейин согушуп көрбөгөндүктөн, аскерлер айлаларын таппай алаңдашкан. Бирок, Надыр шах өз жоокерлерине пилдергекандай каршылык көрсөтүш керек экенин билээрин айтып аларды тынчтандырган. Согушка даярданып жатып өзүнүн күчүн үч катарга тизген. Алдынкы катарда оор кавалерия жана замбиректер, экинчи катарда оор жөөчөндөр, үчүнчүдө ар кайсыл улуттагы тоолу элдин армиясын тизген. Капталда өзүлөрүн бир катар согушта эр жүрөктүүлүгүн тастыктаган бахтияр жана грузин атчандары турган. Надыр шах биринчи катарга майда жана чыйрак даярдалган жыгачтарды бар, көптөгөн төөчөндөрдү тиздирген. Шах өзү зоотун кийип алдынкы катарга турган. 24-февраль күнү түшкө маал индустарга жоортул жасашкан. Алдыда согуш пилдери андан соң эки корпус 70 миңге жакын күч алдыга келген. Калгандары артиллерия менен кошо артта күтүп турушкан. Пилдер жакындаганда Надыр шах төөлөргө илинген жыгачтарды өрттөп, пилдерди көздөй ыргытууну буйрук кылган. Жыгач өрттөнгөндө төөлөр катуу оорудан аңгыраган бойдон алдыга чуркашкан. Пилдер көргөн нерсесинен нес болуп, пил айдаган адамдардын буйругуна карабай туш тука качышкан. Ошентип пилдердин артында келе жаткан аскерлерге жол ачылган. Надыр хан учурдан пайдаланып душманга каршы өзүнүн кавалериясын жөнөткөн. Ошол эле учурда флангдан перс артиллериясы замбирек атышкан. Мындай ыңгайсыз учурда индустар бетме бет согушту кабыл алышкан. Согушту өз көзү менен көргөн Мырза Мехти ал тууралу төмөнкүчө жазган: “Аттардын туягынан жер силкинип, чаң асманга көтөрүлдү; октордун ышкырыгы, замбиректин жарылышы баарысы кошулуп күн жерге түшүп кете жаздагандай болду. Тегеректин баары жансыз денелер, душмандын баардык кол башчылары өлтүрүлдү. Надыр шахтын кубанычы чексиз бакытка толду”. Мухаммад шах өзүнүн күчүнө колдоо көрсөтүү үчүн арттагы армиясын алдыга түртүп жатты. Надыр шах да өзүнүн экинчи катардагы аскер күчүн андан соң үчүнчүсүн алдыга жөнөттү. Кечке маал индустар артка чегинип лагерлери тарапка качып жөнөштү. Кечки караңгылык артынан куугунтука мүмкүнчүлүк бербеди жана согушка чекит койулду. Жеңүүчүлөр көптөгөн пилдерди жана баардык артиллерияны олжого алды. Кийинки күнү перстер улуу Моголдордун лагери менен Делинин ортосундагы жолду тоскондугуна байланыштуу тамак аш жеткизүү токтоп калган. Муну уккан соң индустар рухий жеңилип, башчысына сын айтышкан. Экинчи жоортулду көтөрө албастыгы, ал эми ачка болушса көтөрүлүш чыгары айдан ачык болгондуктан, Мухаммад шах сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн башка чарасы калган эмес жана ал 3-мартта Надыр шахтын лагерине келип таажысын өз колу менен тапшырган. Надыр шах таажыны колуна алып «Мен таажыны кайрып берем» деп айтып, андан соң Мухаммад шахты кабыл алуу маарекесин өткөргөн. Эртеси күнү тынчтыктын шарты айтылып, анын негизинде Мухаммад шах лагердин жана Делинин казынасындагы баардык байлыктар шах казынасына өткөзүлүп берилген. Аскер курал жарагы, артиллерия олжо катары шах тарапта сакталып калган. Аскерлерге курал жарагын тапшырып үйлөрүнө кайтуу буйрук кылынган. Мүлк өткөзүп берүү 5-мартта башталып үч күн созулган. 8-мартта Надыр шах индия борбору тарапка сапартартат да, 20-мартта элдин шаан-шөкөтү, мылтыктардын атылган үнү менен Делиге кирип барат. Өзүнүн ыраазычылыгы катары жоокерлерине индустарды тонобошун буйрук кылат. Бир канча күн тынчтык өкүм сүрүп, бирок 25-мартта белгилүү хандар жана афгандар тарабынан көтөрүлүш чыгат. Ошентип, бир күндүн ичинде перстер сегиз миң шаар жашоочуларын талап тоноп көптөгөн имараттарды кыйратышкан. Андан соң улуу Моголдордун баардык байлык, мал мүлктөрүн изилдөө үчүн топ түзүлгөн. Коммисия үч апта иштесе да, баардык басылып алынган байлыктарды так аныктай алган эмес. Чептин казынасы бриллиант, алмаз, алтын жана башка баалу асыл таштарга толгон. Баалу кездемелердин саны эсеп жеткис эле,өзгөчө Улуу Моголдун баалу таштар менен кооздолгон тактысы кызыкчылык жараткан. Андан сырткары казынадан 210 миллион алтын рупий табылып, министирлер жана сатуучулар 90 миллион алтын рупий алып келишкен. 500 пил жана асыл жандуу тулпарлар колго тийди. Бул байлыктын баарын ээ болгон Надыр шах,уулу Насрул мырзаны Мухаммад шахтын кызына үйлөндүрүүнү туура тапты. Бул сунуш индус улууларын таңкалтырган жок, алар Надыр шахты уругу жок жетим деп эсептешкен. Мухаммад шахтын каршы болгонуна Надыр шах катуу жооп кайтарган: “Насрулла мырза эч кандай уруктарга муктаж эмес, ал менин кылычымдын баласы.” Мухаммад шах макулдугун берүүгө муктаж болгон жана никени жогорку деңгээлдеги шаан шөкөт менен өткөзгөн. Баардык жоокерлерге баалу байлык берилип, ар бир аскер жогорку чиндеги баалу белектерди жана бир жылдык айлык алган, андан тышкары ар бир жоокерге жүздөн рупий тартуу кылынган. Иран эли үч жылга салыктан бошотулган. Майрам бүткөн соң тынчтык келишими түзүлгөн. Мухаммад шах жеңүүчүгө Индин түндүк батышындагы баардык мүлкүн жана Кабул жана Газнини кошуп берүүгө аргасыз болгон. 1739-жылы 16-майда Дели шаарындагы эки айлык эс алуудан соң, Надыр шах өз өлкөсүнө сапар тарткан. Эбегейсиз байлыктыташууга көптөгөн арабалар керек болгон.Сандыктардын эле саны 13 миңге жеткен. Баардык алтын жана күмүштөрдү ташууда жеңил болуу үчүн аларды ээритип куютмага куйдурган. Ошондой эле Надир шах индиядан атактуу кол өнөрчүлөрдү алып кеткен. Артка карай жол кургакчылыктын айынан өтө оор болгон. Ченабага жеткенде жаан мезгили башталып дарыялар ташып жээке ташкындап баштаган. Бул тоскоолдун айынан Гератага 1740-жылы июнь айында гана жеткен. Эки айдай эс алып, шахтын жогунда иран ээликтерине бир канча ирет кол салып ийгендиги үчүн Надир шах,Бухара ханы Абул Фаидага каршы сапар алды. Перстер Бухарага кирип келгенде, хан ак сакалдары менен бирге шахтын лагерине келишип Надир шахка толук багынып беришет. Алардын ортосунда достук келишим түзүлүп, ага ылайык эки өлкөнүн чек арасы Амударья деп белгиленген. Надир шах Мешхедке келген соң лезгиндерге каршы жаңы жоортулга чыгып, 1736-жылы алар менен болгон согушта сүйүктүү бир тууганы Ибрахим хан каза тапкан. 1741-жылдын жаз айында аскерлер Мешхедден Мазандаран тарапка сапар алган. Жолдо Афшар династиясы үчүн каргашалуу окуя болгон, ат үстүндө Надир шах менен бирге баласы Реза Кули бара жатканда, токой тараптан мылтыктын үнү чыгып, ок шахтын колуна тийип жараат алган. Мураскер шахзада бир канча жөөкөрлөрү менен ок чыккан тарапка кууп жөнөгөн, бирок кол салган адамды кармай албай калышкан. Бир аз убакыттан соң, киши өлтүргүч Реза Кули тарабынан жөнөтүлгөн деген сөз таркаган, ал бир канча ирет Исфаханда жүргөндө Надир шахты өлдү деп тактыга жетүүнү сапам жүргөн. Надир шах аябай капаланып, андан соң баласына суук мамиле жасап калган. Аңгыча эбегейсиз перс армиясы Дагестанга жана тоо арага тереңдеп кирип келген. Башында эле лезгин улуту шахтын арабаларын баардык муктаждыктары менен басып алган. Анын натыйжасында перстер душмандардын айланасында калып тамак ашка муктаж боло башташкан. Тоолуктар менен болгон катуу салгылашта жана ачкачылыктын айынан шах өзүнүнүн үчтөн бир аскеринен жана бүткүл аттарынан айрылган. Жоортулдан натыйжасыз Дербентке кайтып келүүгө муктаж болгон. Шах капалуу Исфаханга кайтып келип, баласынын көзүн чукутуп салууга буйрук берген. Кыска убакыттан соң Реза Кулиге болгон баардык жала жабуулар ачыка чыккан. Шах кайрадан иш жүргүзүп элүүгө жакын кызматкерлерди шахзадага жала жабуу менен айыптап баштарын алдырган. 1741-1742-жылдары Шах аскерлеринин негизги күчү Масед Калага жакын жердеги лагерде отурукташкан. Тоолуктар ага дайым кол салып турган, сууктан жана кол салуулардан көптөгөн перстер өлүмгө дуушар болушкан. 1742-жылы жаз мезгилинде Надир шах тоо тарапка карай кайрадан жоортул уюштурган, бирок аттардын жетишсиздигинен бул ирет жоортул ийгиликсиз болгон. Согушта Надир хан өзүнүн экинчи бир тууганы Курбанды жоготкон. Ѳч алуу максатында перстер он төрт айылдын элин кырып, баштарын кесип бир тарапка дөңчө кылып үйүшкөн. Тоолуктар менен акыркы согуш 1742-жылы декабрь айында Чох айылынын жанында болгон. Ал өзгөчө кандуу болгон. Ал жөнүндө толук маалымат жокко эсе, акыр аягында перстер катуу соккуга учурап артка качууга аргасыз болушкан. Согушка көптөгөн акча талап кылынган, ал эми согуштун качан бүтөөрү же натыйжасы кандай болоору белгисиз болгон. Ошондуктан Надир шах мурдакы буйругун четке кагып, салыктан бошотулгандарды кайрадан төлөөнү буйрук кылды. Салык чогултуу өтө оор ырайымсыздык менен коштолуп, 200 миңге жакын адам тонолуп, абакка түшүрүлгөн. 1743-жылы Турция менен согуш кайрадан башталган. Ирандыктар Киркукту басып алып, Мосулду курчоого алышкан. 1744-жылы Надир шах Багдадка жоортул уюштуруп, кайрадан ийигиликсиз кайткан. Ошол учурда империянын ар кайсыл аймактарында көтөрүлүштөр жалындай баштаган, элдин шахка болгон нааразычылыгы өскөндөн өсө баштаган, Надир шах алардын баарын чексиз ырайымсыздык менен басып баштаган. Жазалоо күчтөрү айылдарды жана шаарларды айоосуз кырышкан. Ширазда жана Астрабадда кандуу жазалоонун натыйжасында адамдардын баштарынан пирамида үйүлгөн. Бул тирүү калгандарга сабак катары колдонулган. 1746-жылы август айында Надир шах түрк армиясын Ереван жана Карс тараптан мизин кайтарды. Сентябрь айында 1639-жылкы эски иран жана түрк тынчтык келишимин тастыктай турган жаңы келишимге кол коюлган. 1747-жылы перс армиясы систандык төңкөрүшчүлөргө каршы согушка чыгышкан. Бир аз убакыттан соң шахтын өзүнүн лагеринде Хабушанда (Хорасан) шахка нааразы болгон адамдар көп экендиги жана алардын ичинде бир канча аскер башчылар шахка каршы чыккынчылык кылып жатканы ачыка чыккан. Надир шах күнөөлүлөрдү абакка салууну буйрук берген, бирок чыккынчылар шахтан биринчи иш аракет жасаганга жетишти. 20-июнда чыккынчылардын ичинен үчөө: Мамад Кули хан, Афшар бек жана Сафах түн катып шахтын жатчу жерине кирип келишкен. Надир үчөө менен мушташып, бирок бычактан алган оор жаракаттан каза тапкан. Ошентип көбүнчө тарыхчылардын айтуусу боюнча чыгыш Наполеону кайгылуу түрдѳ дүйнөдүн кайткан. http://parstoday.com/ru/radio/programs-i39286 https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%86%D8%A7%D8%AF%D8%B1%D8%B4%D8%A7%D9%87 ّАсекрий