Надыршин, Салих

Википедия дан

Надыршин Салих (1879, Казан губерниясы, Чистопол уезди, Жаңы Амзи айылы — өлгөн жылы жана жери белгисиз) — Кыргызстандагы алгачкы агартуучулардын бири. Улуту татар.
1898-ж. Казан медресесин (мусулман мугалимдер семинариясын) бүтүргөндөн кийин Тамбов жана Саратов губернияларында мугалим болуп иштеген.
1905-жылдан Кыргызстандын Каракол шаарындагы татар жаңы ыкма мектебинде, андан кийин орус-жергиликтүү мектебинде мугалим.
1920-жылдары Каракол шаарындагы Исмаилбек Гаспиринский атындагы мектептин директору. Надыршин тажрыйбалуу педагог гана болбостон, Каракол шаарындагы маданий-агартуу иштеринин демилгечиси да болгон. Ал Каракол шаарына жакын кыргыз айылдарына көп каттап, агартуу иштерин жүргүзгөн.
Надыршин татар тилинен башка кыргыз, орус, араб тилдерин жакшы билген.
Кыргыздын белгилүү агартуучусу жана санжырачысы Талып Байболот уулу Надыршиндикинде болуп, аны менен пикирлешип жана Казандан чыккан жаңы гезит-журналдар менен таанышып турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.