Назаралиев Шаршен

Википедия дан

Назаралиев Шаршен (1915, азыркы Талас Облусттук, Бакай-Ата району, Үч-Эмчек кыш. - 1970, ошол эле жер) - малчы, Социалисттик Эмгек Баатыры (1949). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1935-38-жылымурдагы Будённый районундагы Энгельс атындагы колхоздо баш чабан, 1943-жылдан Талас районундагы«Коммунизм» колхозу- нун жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген. 1947-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1-шайланышынын депутаты. Ленин ордени менен сыйланган. Өзү жашаган көчөгө аты берилген, Тегерек орто мектебинде музейи уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]