Назаров Болотбек
Көрүнүш
Назаров Болотбек (1938, 1-Май айылы -1977, Военно-Антоновка кыштагы) - мал чарбасына эмгек сиңирген ишмер.
- Эмгек жолун Сокулук районундагы Ленин атындагы колхоздо чабан болуп баштаган.
- Өмүрүнүн акырыначейин «Рассвет» колхозунда баш чабан болгон.
- Ал - эр эңиш боюнча республикага белгилүү балбан.
- Мал чарба жаатында жогорку ийгиликтерге жетишкен.
- 1967-ж. Кыргызстан жана Бүткүл союздук жаштар союзунун слётунда Ардак грамоталар менен сыйланган.
- Москвадагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө катышып, «Коло медалдын» эки жолку (1966, 1970) ээси болгон.
- В. И. Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы (1970) жана Эмгек Кызыл Туу ордени (1967) менен сыйланган.
- Бир нече жолку социалисттик мелдештин женүүчүсү болгон.
- 1967-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кенешине депутат болуп шайланган.
- Оодарыш жана улак тартыш боюнча республикалык, союздук көптөгөн мелдештерге катышып, бир нече жолу жеңишке жетишкен.
- 1962-71-жылдары Кыргыз ССРинин «Колхозчу» борбордук спорт советинин дипломун, Москвада өткөн оодарыш боюнча мелдеште чемпиондук наамды жеңип алган (1971-ж.).
- Токтогон уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9