Назгүл Осмнова

Википедия дан

Осмонова Назгүл1972-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында төрөлгөн. 1995-жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин филология факультетин бүтүргөн. 1995-2000 жылдары эркин журналистика менен алектенген. 2000 жылы Кара-Суу райондук "Эмгек майданы" гезитинде эмгектеген. 2007-2008 жылдары Кара-Суу райондук Райкеңешинде жетектөөчү адис болуп иштеген. 2009-2010 жылдары Кара-Суу райондук китепканасында директор. 2011-2012 жылдары "Обон" гезитинде журналист. 2013-жылы "Сериал" адабий гезитинде башкы редактор. 2014-2015-жж. "Туран", "Де-Факто" гезиттеринде жооптуу редактор. 2016 жылдан тартып "Багыт-KG" гезитинде башкы редактордун орун басары. "Күн түнөгөн жүрөк" (1994),"Жетим көпөлөк" (1998), "Чаалыккан кыялдар" (2015) ыр жыйнактары жарык көргөн. 2016-жылы Жусуп Абдырахмановдун "1916. Күндөлүктөр. Сталинге кат" автобиографиялык китебин кыргыз тилине которуп, "Улуу Тоолор" басмаканасынан жарык көрдү.