Найманбай Балык уулу

Википедия дан

Найманбай Балык уулу (1844, Талас өрөөну - 1923,Чүй өрөөнү) - манасчы, айтыш өнөрүндө атагы чыккан төкмө акын.
Найманбай манасчылык кесипти атасынан, белгилүү манасчы Балык, Чүй өрөөнүндөгү Байтик манаптыкында жашап жүргөндө, үйрөнгөн. Найманбай бул аймакта өткөрүлгөн чоң аш-тойлордо жар чакырып, өз мезгилинде жашаган белгилүү акындар менен беттешип айтышкандыгы жөнүндө маалымат бар. 16 жаш курагында «Манас» айта баштаган.
«Манасты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» деген үзүндүлөрдү Найманбайдын айткандарын эстеп айтып жүргөн Сулайман Ырыскулбековдон 1923-жылы Каюм Мифтаков жазып алган.
Найманбайдын бюсту Бишкекте Кыргыз филармониясыннын алдындагы "Манас" архитектура-скульптуралык ансамблден орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул менен Найманбай(жеткиликсиз шилтеме)