Наккали

Википедия дан

Наккали[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наккали же Иран эпосторун жана жомокторун айтуу салты Ирандын эң байыркы ооз эки эпос айтуу түрү болуп саналат жана байыркы доордон бери коом ичинде маанилүү орунду ээлеп келет. Наккал же эпосчу деп ооз эки түрүндө көркөмдөп эпос айтуу болуп эсептелет, ооз эки айтуулардын негизги темалары катары Иран шахтарынын жана баатырларынын окуяларын айтсак болот. Наккал ыр же кара сөз түрүндө кол жаңсоо, ишара кылып, кээ бир учурда музыкага, рифма ритмге салып жазууларды жана сүрөттөрдү чечмелеп ооз эки айткан адам. Наккалга тиешелүү сапаттар болуп ыр саптарын, жазууларды жаттого эс тутумдун мыкты болушу, ошондой эле ораторлук сапаттарга ээ болушу абзел. Наккалдын кийими, жөнөкөй жана башына байыркы салттуу топу кийип, үстүндөгү кийими көп учурда алтын түстө болот. Наккал Ирандын фольклорунун, салтту музыканын уруулардын эпосторун, дастандарын сактоочу адам катары эсептелет. Наккалдар байыркы замандарда чайканаларда жана каравансарай сыяктуу тарыхый жайларда өзүнүн талантын көрсөтүшчү. Ал эми азыркы заманда чайканалардын кескин түрдө азайышынан, каравансарайлардын жоголуп кеткендигинен жана эс алуунун жаңы түрү пайда болгондугуна, Иран маданияты аталган өнөргө көп көңүл бурбай калгандыгына жараша бул өнөрдүн күйөрмандары азайып кеткен.

Наккалинин ЮНЕСКОдо катталуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наккалинин бүткүл дүйнөлүк каттого документтери ИРандын Туристик жана маданий мурастар уюму, Фирдаус фонду, Театр үйү жана Көргөзмө өнөр борбору аркылуу кабыл алынып даярдалган. «Наккали» ЮНЕСКОнун материалдык эмес жана руханий мурастарынын 6-жыйынында 27-ноябрь 2011-жылы бүткүл дүйнөлүк катталуудан өткөн.

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Фирдауси
  • Шахнаме
  • Фирдауси фонду
  • Иран наккал аялдары

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Наккали же эпос айтуу салты
  • UNESCO Culture Sector - Intangible Heritage - 2003 Convention :

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ютуб: Naqqāli, Iranian dramatic story-telling

Маданият, Адабият