Наливкин, Владимир Петрович

Википедия дан

Наливкин Владимир Петрович (25. 2 [башка маалымат боюнча 15. 7.] 1852, Калуга шаары – 20. 1. 1918, Ташкент шаары) – орус офицери, чыгыш таануучу, педагог,тарыхчы, тилчи, коомдук ишмер. Петербург шаарындагы 1-аскер гимназиясын жана Павловскидеги аскер окуу жайын аяктап, 1873–75-ж. генерал М.Д. Скобелевдин алдында Хива жана Кокон жүрүшүнө катышкан. Бирок орус аскеринин жергиликтүү элге карата терс мамилесине байланыштуу аскер кызматынан баш тарткан. Кийин Фергана облусунун Наманган уездинин начальнигине жардамчы болуп дайындалып, бирок 1878-ж. өз калоосу менен аны да калтырган. Өзбек,араб, тажик, фарси тилдерин үйрөнүп, аялы М.В. Наливкина менен бирге 1886-ж. Фергана облусундагы отурукташкан калктын аялдарынын коомдук жана үй-бүлөдөгү ордун изилдеп чыккан. Ал эмгеги үчүн Орус географиялык коомунун чоң алтын медалына татыктуу болгон. Өзбек-орус, орус-өзбек, фарси-орус, орус-фарси сөздүгүн жана анжиян бутагындагы өзбек тилинин грамматикасын түзүп, «Кокон хандыгынын кыскача тарыхын» жана тарыхый-этнографиялык маанидеги бир катар очерктерди жазган. Анда кыргыздар жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар. Тарыхый баяндар, уламыш жана хан ордосундагы документтерге таянган Кокон хандыгынын саясий тарыхы «Кокон хандыгынын кыскача тарыхында» чагылдырган. Анда ордодогу саясий окуялар (төңкөрүш, козголоң ж. б.), элдик көтөрүлүштөрдөгү кыргыздардын ролу жөнүндө кенен маалымат берилген. 1884-ж. баштап Ташкент шаарындагы орус-тузем мектебинде мугалим, кийин Түркстан мугалимдер семинарийинде окутуучу болуп иштеп, 1890–95-ж. Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд облустарында элдик окуу жайлардын инспектору, 1901-жылдан бир эле мезгилде Фергана облусунда аскер губернаторунун жардамчысы жана облустук башкармалыкты жетектеген. Крайдагы жергиликтүү элдин кызыкчылыгын коргоодо чоң роль ойноп, көз карашында социал-демократтарды жактаган жана утопиялык социализм, революциячыл народниктердин идеясын колдогон. 1907-ж. Сыр-Дарыя облусунан 2-Мамдумага депутат болуп шайланган. 1917-ж-дагы Февраль революциясын кубануу менен кабыл алып, 19-июлда Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин төрагалыгына шайланган. Бирок башынан күч колдонуп зордоо жана өз эркин таңуулоо саясатына каршы туруп келгендиктен, В. Наливкин большевиктерге болгон ишенимин жоготуп, бийликтин Советтерге өтүшүнө каршы болгон. 1917-ж. сентябрда жумуштан четтетилип, легалсыз жашоого өткөн. 1918-ж. 20-январда өз жанын кыйган. Акыркы катында бир чети учурдагы иштерге макул эместигин, экинчиден элине да душман болгусу келбегенин эскерткен. Эмгектери: Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Туземцы раньше и теперь. Таш., 1913.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • В.П. Наливкин. //Историография общественных наук в Узбекистане. Биобиблиографические очерки /Сост. Б.В. Лунин, Таш., 1974;
  • Наливкин Владимир Петрович. //Биобиблиографический словарь отечественных тюркологов. Дооктябрьский период, М., 1974;
  • Эмг.: Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Туземцы раньше и теперь. Таш., 1913.