Нанаев, Касымкул Токтогул уулу

Википедия дан

Нанаев Касымкул Токтогул уулу (1909, Талас району, Арал айылы — 1977, Бишкек ш.) — агартуучу, кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча адис, доцент (1967). Кыргыз тилин орус мектептеринде окутуу боюнча алгачкы окуу китептеринин автору.
1936—40-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда окуган. Андан кийин Бишкектеги 5-кыргыз орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, ошол эле учурда пединститутта окутуучу болуп иштеген.
1942—43-ж. армияда кызмат өтөгөн.
1943—46-ж. СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалында илимий кызматкер, андан кийин жогорку жана орто окуу жайларында окутуучу болгон. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда кыргыз тил кафедрасын (кийин ага чет жана орус тили кошулган) ачып жана аны жетектеген. Кыргыз тили жана адабияты боюнча «Биздин адабият» (7-класс үчүн хрестоматия, 1944), «Кыргыз тилинин окуу китеби» (орус мектептеринин 5— 6—7-класстары үчүн, 1947), «Кыргыз тилинин окуу китеби» (орус мектептеринин 8—9— 10-класстары үчүн, 1950), «Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча таблицалар» (7—8-класстар үчүн, 1966) жана башка эмгектери жарык кергөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.