Нанду

Википедия дан
Rhea americana.

Нанду, америкалык төөкуш (Rheiformes) — жалпак төштүү куштардын түркүмү. Буту үч манжалуу. Канаты жакшы өөрчүгөнү менен учууга жарабайт, бат жүгүргөндө мойнун алга созуп, канатын жаят.

Тумшугу жазы. 2 түрү (кадимки Нанду жанa дарвин Нандусу) белгилүү. Кадимки Нандунун бийикт. 170 см, салм. 25 кгча, жүнү күрөң, кээде агыш. Түн. Американын чыгышында тараган. Дар­вин Нандусу Перудан Патагонийге чейинки Анд тоолорунда шашайт. Алар өсүмдүк жанa майда онурткасыздар менен азыктанат. Аңчылыктан алардын саны азайган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.