Нанду сымалдар

Википедия дан
Pterocnemia pennata.

Нанду сымалдар, америка төө куштары (Rheiformes) – кыр төшсүз куштар түркүмү. Бразилияда жогорку плиоценден белгилүү. Буту үч манжалуу. Канаты жакшы өрчүгөн, бирок уча албайт. Жүнү көпшөк. Жакшы чуркайт жанасууда сүзөт. Алардын 1 тукуму, 2 түрү бар: кадимки нанду (бийиктиги170 смге, салмагы 25 кгга жеткен) жана узун тумшук нанду. Түштүк Американын пампастарында жана жарым чөлдөрүндө таралган. Полигамдар, бир үйүрдөгү 3–8 ургаачылары бир уяга 30 жанаан дан да көп жумуртка таштайт. Жумурткасын эркеги 35-40 күн басып чыгарып, балапандарын ээрчитип жүрөт. Нанду сымалдар жалбырак, жаш бутак, майда омурткасыздар менен азыктанат. Эти, жүнү, жумурткасы үчүн аңчылык кылгандыктан, саны азайып кеткен. Узун тумшук нандунун түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]