Нанита
Нанита - жаздык арпа сорту. Кыргызстан дыйканчылык ИИИде Унионду Нутанс 5926 сорту мененгибриддештирип алынган. Сабагынын бийиктиги 85-106 см, анча жапырылбайт. Даны сары, 1000 данынын салмагы 46-51 г. Курамында 14% белок болот. Вегетация мезгили 70-80 күн. Кара көсөө, гельминтоспориоз, чаңгыл кебер илдетине анча чалдыкпайт. 1 га жерден 57,6 цден түшүм алынат. Кыргызстандын тоолуу жерлеринде эгилет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7