Нанкин келишими

Википедия дан

Нанкин келишими (1842) — Англия-Кытай согушунда (1840—42) Кы­тай жеңилген соң Улуу Британия ага таңуулаган тең укуксуз туңгуч келишим.

Британдык «Корнуоллис» кемесинин бортунда 29-августта кол коюлган. Нанкин келишими боюнча Улуу Британия соодасы үчүн Кытайдын 5 порту (Гуанчжоу, Амой, Фучжоу, Нинбо, Шанхай) ачылгап; Улуу Британия үчүн пайдалуу шартта ташып келүү жанa ташып кетүү белгиленген; Сянган (Гон­конг) а. Улуу Британия карамагына берилген. 1843-ж. Улуу Британия Нанкин келишимине кошумча макулдашууга Кытайды кол коюуга мажбурлап, ал боюнча концессия, экстерриториялуулук ж. б. артыкчылыктарга укук алган. Улуу Британиядан кийин 1844-ж. АКШ менен Франция да Кытайга тең укуксуз келишимдерди таңуулашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.