Наполеон кодекси

Википедия дан

Наполеон кодекси, француздардын жарандык кодекси - Франциянын бардык аймактарында колдонулуучу мыйзам жыйнагы. 1804-жылы 21-мартта Наполеондун демилгеси жана жарлыгы менен киргизилип, өзгөртүүлөр менен бүгүнкү күнгө чейин колдонулат. 1800-жылы Наполеон кодексин түзүү үчүн атайын даярдоочу комиссия түзүлүп, анын курамына белгилүү соттор (Ф. Д. Тронше, Ф. Биго де Преаменэ) жана укук коргоочулар (Ж. М. Порталис, Ж. Малевиль) кирген. Наполеон өзү да комиссиянын ишине активдүү катышкан. Кодекстин негизин Ж. М. Порталис иштеп чыккан. Наполеон кодекси 3 китептен турган. Биринчи китебинде жарандык, үй-бүлөлүк жана опекундук укук (7-515-статьялары); экинчи китепте мүлк мамилелерин жөнгө салуу (516-710-статьялары) жана үчүнчүсүндө мүлккө ээ болуу жолдору, анын ичинен мурастык укук жана башка (711-2281-статьялары) жөнүндө мыйзамдар жазылган. Кодекс 1804-жылы Француздардын жарандык кодекси, 1807-жылы Наполеон кодекси, 1816-жылы Жарандык кодекс, 1852-жылдан Наполеон кодекси деп аталат. Наполеон кодекси башка европа мамлекеттеринин (Польша, Бельгия, Италия жана башка) жарандык укуктарынын иштелип чыгышына жана кодификацияланышына чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]