Наполеон согуштары

Википедия дан

Наполеон согуштары - Наполеон Iнин консулдугунун (1799-1804) жана империясынын (1804–14, 1815) мезгилиндеги Франция согуштары. Н. с. Европада соода өнөр жай жана аскердик-саясий үстөмдүгүн орнотуу, Франция аймагын кеңейтүү, дүйнөлүк соода жана колониялык биринчилик үчүн Улуу Британия менен болгон күрөштө жеңишке ээ болуу максатында жүргүзүлгөн. Наполеон согуштары алгач прогрессивдүү, кийин басып алуучулук мүнөздө болгон. Наполеон согуштары объективдүү түрдө европалык мамлекеттердеги (Германиядагы ондогон майда феодалдык мамлекеттер жоюлуп, кээ бир басып алынган мамлекеттерде Наполеондун жарандык кодекстери киргизилген) феодалдык түзүлүштү ыдыратып, капитализмди өнүктүрүүгө түрткү берген. 1799-жылы 18-брюмердеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Наполеон I аскердик диктатура орноткон. 1800-жылы Наполеон Iнин армиясы Альп тоолору аркылуу Италия жерлерин басып алган. 1803-жылы Улуу Британия менен согушуп, Трафальгар салгылашында (1805) англис флотунан жеңилген, бирок Францияга каршы уюшулган коалиция күчтөрүн бир бирден талкалаган. 1805-жылы Ульмага жакын жерде австриялык армияны курчоого алып, 1805-жылы 2-декабрда Аустерлиц салгылашында орус-австрия аскер күчтөрүн багынткан. Австрия 1805-жылы 26-декабрда Франция менен Пресбург тынчтык келишимине кол коюуга мажбур болуп, келишим боюнча Австрия Франциянын Италиядагы, Батыш жана Түштүк Германиядагы басып алган жерлерин тааныган. 1806-жылы Наполеон I Батыш жанаТүштүк Германия мамлекеттеринен Рейн союзун түзүп, аны Франция менен бирге аскер блогуна кошкон. Рейн союзунун түзүлүшү 1806-жылы август айында австриялык Габсбург династиясы башкарган «Ыйык Рим империясынын» жоюлушуна алып келген. 1806-жылы Йена жана Ауэрштедттин алдындагы салгылашуулардан кийин Пруссия француз аскерлери тарабынан оккупацияланган. 1807-жылы Фридланддын алдындагы салгылашууда Наполеон I орус аскерлерин жеңип, Тильзит тынчтык келишими боюнча Россия аймактарын басып алган. 1808-жылы француз армиясы Испанияны оккупациялап, 1808-жылы Мадридди алган. 1809-жылы австрия-француз согушунда Наполеон I Ваграмдын алдында болгон салгылашта Австрияны, 1810-жылы Голландия королдугун көз каранды кылган. Француз өкмөтү, француз буржуазиясы жана жогорку даражадагы аскерлер басып алган мамлекеттерди талап-тоноодон байыган. Наполеондук эзүүгө каршы коалициялар түзүлүп, көтөрүлүштөр чыккан. Ата Мекендик согушта орус элинин күрөшү жана фельдмаршал М. И. Кутузов жетектеген орус армиясынын күчү менен Наполеон Iнин армиясы толук талкаланган. 1814-жылы майда Париж тынчтык келишимине (к. Париж тынчтык келишимдери 1763, 1814, 1815) кол коюлуп, Франция бардык басып алган жерлеринен ажыраган. 1815-жылы Наполеон I тактысына кайра отуруп, «Жүз күн» башкаруу мезгилинде Наполеон I А. Веллингтон башкарган англис жана Г. Блюхердин командачылыгы астындагы пруссиялык аскерлерден биротоло жеңилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]