Нарк мыйзамы

Википедия дан

Нарк мыйзамы ― товар айырбаштоону аны өндүрүүгө сарпталган коомдук зарыл эмгекке жараша жөнгө салуучу товар өндүрүшүнүн объективдүү экономика мыйзамы.

Коомдо анархия жанa атаандаштык өкүм сүргөн, өндүрүш каражаттары жеке менчикке негизделип товар өндүрүшүндө Нарк мыйзамы буткул коомдук өндүрүштү стихиялык түрдө жөнгө салат. Жөнөкөй жана капит. товар өндүрүшүндө ал нарктын рынок баасынын (баа) өйдө-ылдый болушу аркылуу таасир тийгизет. Капитализмде ал бардык капит. өндүрүштү жөндөйт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.