Наруто

Википедия дан

"Наруто" (жап. ナ ル ト) – Масаши Кишимото жазган жана сүрөтүн тарткан жапон манга сериясы. Анда элге таанылгысы, өз айлынын башчысы, Хокаге болгусу келген өспүрүм нинжа Наруто Узумакинин окуясы баяндалат. Окуя эки бөлүктөн турат. Биринчисинде Нарутонун тестиер чагы, экинчисинде өспүрүм кези сүрөттөлгөн. Серия Кишимотонун эки кыска мангасына негизделген: Каракури (Karakuri (1995)), ал жөнүндө Кишимото кийинки жылы Шуеша (Shueisha) ай сайын берилүүчү премиясында жакшы баага арзыган.

Ал эми Наруто (1997) мангасы Шуеша жумалык журналында (Shueisha) 1999-2014-жылдары сериал болуп жарыяланган жана 72 томдук танго (китеп) форматында жарык көргөн. Манга Pierrot жана Aniplex студиялары тарабынан аниме-сериалга ылайыкташтырылып, Жапонияда 2002-2007 жылдары 220 эпизоду көрсөтүлгөн. Сериянын англисче ылайыкташуусу в Cartoon Network аркылуу 2005-2009 жылдары чыккан. Түпнуска сериалдын "Наруто: Shippuden" аттуу сиквелинин премьерасы Жапонияда 2007-жылы болуп, 500 эпизоддон кийин 2017-жылы аякталган. Англисче ылайыкташуусу Disney XD каналында 2009-2011 жылдары көрсөтүлүп, андан кийин 2014-жылдын январында Toonami Adult Swim блогуна которулуп кеткен. Аниме серияларынан тышкары Pierrot студиясы он бир фильм жана он бир оригиналдуу видеороликтерди (OVAs) чыгарган. "Нарутого" байланыштуу башка товарлар өз ичине жеңил романдарды, видео оюндарды жана бир нече компаниялар тарабынан жасалган соода карталарын камтыйт.

Ал Viz Mediaнын эң көп сатылган мангаларынын бири болуп калды, анын англисче которулган томдору бир нече жолу USA Today жана The New York Times гезиттеринин бестселлерлеринин тизмесине киришкен, ал эми жетинчи том 2006-жылы Quill Award премиясын алган болучу. Баалоочулар манганын каармандарынын калыптанышы, сюжеттик линиялардын күчтүү жактарын жана уруш сценаларынын жакшы аткарылгандыгын жогору баалашты, бирок айрымдар согуш сценалары окуянын жүрүшүн басаңдатып салганын байкашкан. Сынчылар эрезеге жетүү темасындагы манга жапон уламыштарынан жана конфуцийчиликтен маданий шилтемелерди колдонгонун белгилешкен.

Сюжеттерр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизод тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Персонажы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]