Нарцисс

Википедия дан

Нарцисс (NarKissos) - өсүмдүктөрдүн амариллистер тукумунун уруусу. Пияз түптүү көп жылдык чөп. 30дай түрү белгилүү. Жалбырагы тасма сымал. Гүлү көбүнчө сары, ак түстүү, жалгыздан же топтошуп сабак учуна чыгат. Кайчылаш чаңдашат. бОтай түрү бар. Негизинен Жер Ортолук деңиз жээгинде; жапайы бир түрү - ичке жалбырактуу Н. Закарпатьеде өсөт. Мөмөсү - чанак. Эрте жазда гүлдөйт. Кооздук үчүн өстүрүлөт. Бир гүл- дүү нарцисстен жалган нарцисс, кооз. Пияз түбү август- сентябрь айларында көчүрүлөт. Айрым түрүнүн гүлүндө эфир майы болот. Бардык түрү - уулуу. Пияз түбүндө алкалоиддер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]