Мазмунга өтүү

Нарымбаев Данияр Ильич

Википедия дан

Нарымбаев Данияр Ильич (15. 6. 1959-жылы туулган, Фрунзе) – мамлекеттик ишмер. 1983-жылы КМУну бүтүргөн. Нарын шаардык спорт комитетинде жумушчу, ИИМде инспектор (1983-86), секретариатында улук референт (1986-88), Фрунзе шаардык 1-май райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү (1988-89), Кыргыз ССР Министрлер Советинин иш башкармалыгында жетектөөчү адис, референт (1989-91), КРдин Президентинин аппаратында референт, бөлүм башчынын милдетин аткаруучу (1991-92), КР Президентинин администрациясында бөлүм башчы (1992-94), КР Жо- горку Арбитраж сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу (1994-95), төрагасы (1995-2002), КРдин юстиция министри (2000), КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (2005-06), КРдин Конституциялык кеңешинин мүчөсү, ошол эле учурда секретариаттын жетекчиси (2010), КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары - КР Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (2010-11), КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү - КР Президентинин кеңешчиси (2011-12), КР Президентинин аппарат жетекчисинин орун басары (2012, сентябрь-октябрь), 2012-жылдан аппарат жетекчиси. Жогорку квалификациялык класстагы судья (1995), мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кенешчиси (2002).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]