Нарын козголоңу

Википедия дан

Нарын козголоңу (орус. Нарынскiй мятѣжъ) — 1920-жылы ноябрда ак гвардиячылар (империалисттер), соодагерлер, бай-манаптар тарабынан уюштурулган. 1920-жылы августта Нарын шаарындагы кызыл гвардиячылар арасында кызмат өтөгөн офицер Кирьянов, соодагер К. А. Бондарев Кеңеш бийлигин кулатуу максатында жашырын контрреволюциячыл уюм түзүп, козголоң даярдаган.

Нарын козголоңу
орус. Нарынскiй мятѣжъ
Дата

август 1920 — 19 ноябр 1920

Орун

Нарын уезди, Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы

Себеп

Орусия империясынын курамындагы жараандык согуш учурундагы Нарындагы козголоң.

Өзгөрүүлөр

Бүт Кыргызстандын аймагында Кеңеш (Совет) бийлигинин орнотулуусу

Каршы тараптар
Ак Гвардия
Нарындагы мобилизацияланган кыргыздар
РСФСР
Колбашчылар
К. А. Бондарёв
Кирьянов
Атаман Анненков
Орозбек уулу Сулайман
Тарап күчтөрү
5 Чегара Полкунун Кызыл Армиясынын Биринчи Полку
1-чи Козголоңчулар Полку

Баардыгы:
2000 аскерлер
Пржевальскидеги Мобилизацияланган Полку (182 киши)
Пишпек Өзгөчө Полку
2-чи Түркмөн Полку
Кызыл Армиясынын Өзгөчө Багыттагы Полк Авангарды
Жоготуулар
белгисиз белгисиз

Кирьянов 1920-жылы 5-ноябрда өзү башкарган бөлүк менен Ат-Башыны басып алып, 6-ноябрда Нарындагы 23-полктун батальонун куралсыздандырган жана кызыл аскерлердин командирлерин, саясий кызматкерлерди камакка алып, уезддик-шаардык партия комитетинин төрагасы Х. Мусабаевди, уезддик саясий бюронун төрагасы С. Орозбековду өлтүрүшкөн. 11-ноябрда Нарын уездиндеги бийлик толугу менен козголоңчулардын колуна өткөн. Нарын козголоңун басуу үчүн 13-ноябрда Токмок шаарындагы 2-өзгөчө полк жана 4-түркмөн полку жөнөтүлгөн. Алар козголоңчуларды 15-ноябрда Кочкордо, 19-ноябрда Долон ашуусунда талкалаган.

Максаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Козголоңчулар көтөрүлүүгө даярданып аткандагы Парганадагы Басмачылар менен биригип Нарынды совет бийлигинен кетирип, Басмачылар Ташкенге басым кылып бүт Жети-Сууну совет бийлигинен кетирүү максаты бар болгон. Эгерде, Нарындагы козголоңчулар Нарынды басып алса Токмок, Пишпек багытта басып, убактылуу Кеңеш бийлигин Верныйдан кетирүү. Деп «Түркфронтунун Ревтрибуналы» Нарын Козголоңу тууралуу жазган.

Хронологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ак-Гвардиячылар Нарын уездинин Ат-Башы айылын басып алышып, Ат-Башы айылында Банк, Телеграф, Гарнизондун Штабы басып алышып, айылдагы бүт коммунистчылдарды камакка алышкан, Ат-Башыда пропаганда кылып «Токмок, Пишпек, Пржевалск шаарларын Гвардиячылар басып алышты, Кеңеш бийлиги жоюлду, Биздин аскерлерибизге киргиле» деп, кыргыздарды алдашкан да Нарын шаарынын багытында басышкан. Кытай-Кыргызстан чыгарасын ачышып, Нарын шаарында соодачылыкты ачышкан. 9 ноябрда Кирьяновдун козголоңчул-аскерлери Кочкорго баратып Кара-Үңкүрдө кызыл аскерлер менен согушуп, кызыл аскерлерди жеңип Балыкчы тарапта куушат. 11 ноябрда Козголоңчулар Полку Кочкор шаарын согушсуз алышат. Кочкордо козголоңчулар армиясы экиге бөлүнүп Шамшы жана Боом капчыгайларынан түндүккө карай барышат. 15 ноябрда Кызыл Армия ал план тууралуу билип Шамшыдан чыгып баратканда жана Кубакы ашуусунда эки кандуу согуш өтөт. Эки согуш тең козголоңчулардын армиясынын Кочкорго кууйт. Кирьянов Кочкордо аскер чогултуп кыргыздарды алдап мынтип айтат «Братья, соратники! Нам на помощь высланы отряды прославленного атамана Анненкова, доблестного атамана Дутова, они уже перешли границу Китая и скоро будут здесь, нужно всего лишь продержаться!». Бир күн анын аскерлери чыдап, Кочкор согушунда кырылышат.

Чечкимдүү Кочкор согушу Нарын Ак Армиясынын бүт кыргынга тутат. Кирьянов Кытайга качып бара жатып, туткунга алынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.