Наряд-буйрутма

Википедия дан

Наряд-буйрутма ― өндүрүштүк-тех. багыттагы продукцияны өткөрүүчү менен керектөөчүнүн өз ара катнашын жөндөөчү документ.

Аны тейлөө органдары тапшыруучулар менен сатып алуучуларга тийиштүү фонду бөлүнгөндөн кийин 15 күндө берет. СССР Мин. Со­ветинин материалдык-тех. жабдуу боюнча мамл. комитета Наряд-буйрутма жөнүндөгү бекиткен жобону (1969) бардык жаб­дуу мекемелери колдонууга милдеттүү. Өндүрүштүк-тех. багыттагы өндүрүмдү тапшыруу шарты СССР Мин. Советинин 1969-ж. 9-апрелдеги № 269 токтому менен бекитилген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.