Насос станциясы

Википедия дан

Насос станциясы — сууну керектүү бийиктикке көтөрүп, тийиштүү жерге жеткирүүчү гиротехникалык курулма, машина жана механизмдер жыйындысы. Ал суу менен камсыз кылуу, канализация системаларына кирет; нефть жүргүчтөрүндө да пайдаланылат. Ал мелиорациялык (сугат тармагына суу берүүчү жана кургатылчу жерден сууиу алып чыгуучу), суу менен камсыз кылуучу (суу жүргүч тармакка суу берүүчү) жана канализациялык (ыплас сууну алып чыгуучу) насос станциясы болуп айырмаланат. Насос станциясынын имараты жер үстүндө, жарым-жартылай жерге киргизилет жана жер астына орнотулат. Анда гидро механикалык негизги (негизги насостор, жөндөгүч, ченегич жана башка аппаратурасы бар түрдүү түтүктөр), кошумча (вакуумдук, май жана техникалык май берүү насостору, кургатуучу жана дренаж насостору, жүк көтөргүч кран, таль жана башка), санитардык-техникалык (желдеткич, жылыткыч жана башка), ремонттук (ширеткич аппарат, станоктор) жабдуулар жайгашкан. Блоктуу, камералуу жана көчмө-калкыма болуп айырмаланат. Насос станциясы кол менен, автомат жана телемеханика аркылуу башкарылат. Кыргызстанда 60 тай ири жана майда насос станциясы иштейт, мисалы,Токтогул насос станциясы, Куланак насос станциясы жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]