Настия

Википедия дан

Настия (гр. nastjs – ныкталган) – өсүмдүктүн жалбырагы, гүл желекчеси жана башка органдарынын сырткы чөйрөнүн ар кандай шарттарынын (ным, температура, жарык жана башка) таасиринен болгон кыймылы. Настия өсүмдүк органынын жогорку жанатөмөнкү жагындагы клеткалардын бирдей өспөгөндүгүнөн же ал клеткаларда тургордун бирдей эмес өзгөрүшүнөн болот. Жалбырактын күнгө караган жагы тез өскөн кезде жерди көздөй ийилиши эпинастия, ал эми бул процесс тескерисинче жүрсө гипонастия деп аталат. Жалбырактын түн ичинде тик кыймылы (альбиция, уй беде, соя), гүл коргондордун күн менен түндүн алмашуусуна байланыштуу ачылып, жабылышы, курт-кумурскалар мененазыктануучу өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын кыймылы да тургордук настияга баш иет. Өтө тез настиялык кыймылдар – сейсмонастиялар настиянын өзгөчө бир категориясын түзөт, анткени алар жер титирегенде же бир аз таасирде эле болот. Себеби бул өсүмдүктөрдүн организминде клетка мембраналарынын өткөргүчтүгү тез жогорулайт, осмос тук активдүү заттарды жанасууну кармоо күчү басаңдап, тургор өтө тез (көз ачып-жумганча) түшөт. Мындай механизмге мимоза жана кээ бир башка өсүмдүктөрдүн (чанактуулар, ышкын) жалбырактарынын тез жабылышы мисал боло алат. Настия механизминде фитогормондор (ауксин- дер, этилен, абцис комитетасы) белгилүү роль ойнойт. Демек өсүмдүктөргө таасир эткен факторлорго жараша фото-, гидро-, хемо-, сейсмо-, никти-, травма- жана электронастия болуп айырмаланат. Н-лык кыймыл өсүмдүк органын жабыркоодон сактоо (гүлдүн, үттөрдүн жабылышы, жалбырактын ийилиши) жана бир нерсени кармоо (мурутчаларынын жана без түтүкчөлөрүнүн кыймылы) кызматын аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]