Насыров Вадим Алиярович
Көрүнүш
Насыров Вадим Алиярович (1. 02. 1947-жылы туулган, Жалал-Абад) - медицина илимдеринин доктору (1983), профессор (1987). КММИни бүтүргөн (1971). Эл аралык оториноларингология академиясынын корреспондент мүчөсү (1991), КРдин эмгек сиңирген врачы (1996), Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери (2002). КММИде декан, проректор (1987-97), 1997-жылдан КММИде кафедра башчысы. Оториноларингология боюнча адис. 310 илимий эмгеги, анын ичинен 4 монографиясы, 18 ойлоп табуусу бар. Эмгек: Современные методы иммунокоррекции. Б., 1991; Вазомоторный насморк (в соавторстве). Б., 1994; Современные аспекты лазерной терапии (в соавторстве). Б., 2000.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7