Насыялык блокада

Википедия дан

Насыялык блокада ― насыя берүүчүнүн кайсы бир насыя алуучуларга насыя берүүдөн баш тартышы, насыя алуучунун укугун басынтуу шарттарын койгон жана пайыз көрсөткүчтөрүнүн деңгээлин көзөмөлдөөчү экономикалык блокаданын түрлөрүнүн бири. Анын максаты – блокко кабылган тарапка каржы-экономикалык абалын начарлатуу жолдору аркылуу экономикалык же саясий кысым көрсөтүү. Насыялык блокадасы тышкы жана ички болуп бөлүнөт. Тышкы насыялык блокадасы – кандайдыр бир өлкөнүн же эл аралык валюта-насыя уюмдарынын кандайдыр бир мамлекетке же мамлекеттер тобуна насыя берүүдөн баш тартышы. Ал тоталдык (жалпы), финансылык (финансылык мамилелерди чектөө), валюталык болот. Ички насыя блокадасына өлкө ичиндеги насыя берүүчү мекеменин зайым алуучуларга кандайдыр бир себептердин негизинде (эски карыздарынын жабылбай калышы ж. б.) насыя берүүдөн баш тартышы кирет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]