Насыя келишими

Википедия дан

Насыя келишими ― банк же насыя уюму менен насыя алуучунун (юридикалык жактын жана жеке адамдын) ортосунда насыя алуу боюнча түзүлгөн келишим. Ал боюнча насыя берүүчү келишимде каралган шарттар боюнча кандайдыр бир акча каражатын берүү, ал эми насыя алуучу өз убагында тийиштүү акча каражатын үстөгү менен кайтаруу милдеттерин алат.

Насыя келишими ― карыз алуу келишиминин бир түрү. Насыя келишиминин маңызын заттар эмес, акча гана түзөт. Көпчүлүк насыя берүү накталай эмес түрдө болуп, насыя мамилелеринин өзөгүн талап кылуу укуктарын аткарат. Насыя келишими ар дайым кайтарым мүнөзгө ээ. Насыя берүүчүгө насыянын акысы катары берилген сумманын пайызы эсептелет. Пайыздын өлчөмү келишим боюнча аныкталат да, аны төлөө келишим мөөнөтүнө көз каранды жана насыя келишиминде сөзсүз түрдө көрсөтүлөт. Келишим жазуу түрүндө катталат, антпесе насыя келишимин жокко чыгарылат. Көбүнчө насыя берген уюмдар насыя алуучуга кошулуу келишими болгон келишимдин типтүү түрлөрүн колдонот. Насыя багытын ачканда милдеттендирүүчү банк келишим боюнча коюлган лимиттин негизинде каражатты бир нече жолу берет жана насыя берүүнүн жалпы шарттарын камтыган генералдык келишим түзүшү ыктымал.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]