Насыя рыногу

Википедия дан

Насыя рыногу ― коомдук өндүрүүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо үчүн насыя ресурстарын аккумуляциялоочу, бөлүштүрүүчү жана кайра бөлүштүрүүчү рынок мамилелеринин түрү. Насыя рыногу ― каржы рыногунун насыя сунуш кылган жана насыяга болгон бөлүгү. Ал акча, узак мөөнөттүү насыя каржы ортомчулар (камсыздандыруу коомдору, ипотекалык жа инвестициялык банктар, инвестициялык фонддор катышат) рынокторунан түзүлөт. Насыя рыногунун бардык бөлүктөрү пайыздык үстөк менен байланышкан. Насыя рыногунун негизги функцияларынын бири болуп инвестициялык каржылоо эсептелинет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]