Наторп, Пауль

Википедия дан
Пауль Герхард Наторп.

Наторп, Пауль (1854—1924) — неокантчылыктын Марбург мектебинин көрүнүктүү өкүлү. Анын башкы эмгектери: «Демокриттин этикасы» (1893), «Платондун идея жөнүндөгү окуусу» (1903), «Декарттын тааным теориясы» (1882), «Так илимдердин логикалык негиздери» (1910), «Сын усулуна ылайык жалпы психология» (1912), «Социалдык педагогика» (1899). Наторптун эмгектеринин аталыштарын жөн гана санап өтүүдөн көрүнүп тургандай ал кызыккан философиялык маселелер бир кыйла кеңири болгон, философиянын тарыхы, логика, психология, педагогика боюнча эмгектерди жазган.

Идеализм тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн тарыхый-философиялык, ошондой эле, логикалык эмгектеринде Наторп идеализм гана айлана-чөйрөдөгү дүйнөнү бирден бир туура түшүнүү болуп саналат деген ойду айтат. Гносеологиялык жана философиялык анализ-таанымдын башталышы, муну ал бирбүтүндүктү аңдап-билүү процесси катарында түшүнөт. Наторп идеализмди кандайдыр бир катып калган нерсе эмес, кандайдыр бир система да эмес, түбөлүк кыймыл деп эсептейт. Наторп идеализмди гносеологияга гана эмес, этикага да таратат. Идеализм — Марбург мектебинин этикасынын негизи. Наторп этиканы логикага багыныңкы абалга коёт. Акыл-эс окуусу катарында алгач кеңири мааниге ээ болгон логика Наторпто эң жогорку даражага жетишет, ал теориялык философияны гана эмес, этиканы да кучагына камтыйт. Ошону менен эле бирге ал бардык социалдык билимдерди негиздейт.

Наторпто этика социалдык маселелер менен байланышкан эмес, анткени, жыргалчылык дегенибиз, анын пикири боюнча, өзү менен өзү боло турган жыргалчылык болуп саналат. Наторптун социалдык педагогикасы аны этикалык социализмди үгүттөөгө алып келет, этикалык социализм идеясы коомдун адамдарын акыл-эстүүлүктүн духунда тарбиялоого умтулат, бул идеал максатка жетүүдө коомдун бардык мүчөлөрүн биримдикке алып келүүгө тийиш.

Концепциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наторптун этикалык социализм концепциясы — анын коом таануу көз караштарынын өнүгүшүнүн натыйжасы, бул Наторптун социалдык педагогиканы иштеп чыгуусунда көрүнгөн. Наторптун пикирине ылайык, адам микрокосмос болуп саналат, мында бүткүл дүйнө миниатюра түрүндө бир чекитке топтоштурулган. Демек, бардык илимдер адамды ар башка тарабынан изилдеп-үйрөнөт. Адам өзүн, ишмерликте, эмгекте, кызматта көрсөтөт. Адам ишмердиги — өзүнчө бир практикалык ойлом, башкача айтканда«регулятивдик идеяны коомдук турмушка ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн ишмердик, бул: умтулуу, эрк, акыл-эс сыяктуу үч баскычты басып өтөт. Бул мүнөздөмөдө адамдын табияты көрүнөт, бул адам табияты социалдык структурада өз чагылышын табат. Мисалы, умтулуу чарбалык ишмердикте, эрк — социалдык мекемелерде, акыл-эс билим берүү системасында көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]