Натрий бромиди

Википедия дан

Натрий бромиди, NaBr – түссүз кристалл, тыгызд. 3,20 г/см3, эрүү t 7600С. Сууда эригичтиги 250С 48,6 %, кадимки температурада суудагы эритмесинен NaBr·2Н2О түрүндө кристаллдашат. Н. б. калыбына келтиргичтер катышуусунда NаОН эритмесине бромду таасир этүүдөн же Fe3Br8 менен Na2CO3 ортосундагы орун алмашуу реакциясынан алынат. Сүрөт материалын алууда жана медицинада тынчтандыруучу жана уктатуучу зат катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]