Натрий нитраты

Википедия дан

Натрий нитраты, натрий селитрасы, NaNO3 — азот кислотасынын натрий тузу; түссүз кристалл, тыгызд. 2,25 г/см3, балкып эрүү t 308оС, пайда болуу жылуулугу DН0296 = -111,54 ккал/моль. Жогорку температурада натрий нитритине, кычкылтекке, натрий оксидине жана пероксидине ажырайт. Суудагы эригичтиги алда канча жогору, аммиакта эрийт. Күчтүү окистендиргичтердин бири. Н. н. жаратылышта минерал түрүндө кездешет. Чили мамлекетинде көп запастары табылып, алгач ачылышында чили селитрасы деп аталган. Өнөр жайда щелочтун эритмелерине адсорбцияланган азот оксидинен алынган аралашманы азот к-тасы менен окистендирүүдөн алынат. О. эле кальций нитраты менен натрий туздарынын (NaCl, Na2SO4) орун алмашуу реакциясы аркылуу да алууга болот. Н. н. негизинен минералдык жер семирткич катары, тамак аш өнөр жайында консервант, айнек өндүрүүдө жана окистендиргич катары колдонулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6