Натура

Википедия дан

Натура (лат. natura – жаратылыш, табият) – көркөм сүрөт искусствосунун практикасында – сүрөтчү тикеден-тике иш убактысында модель катары байкай жана тарта алган (же тарта алчу) предметтер, жандыктар, ар кандай кубулуштар. Тикелей жана толугу менен Н-дан, эреже катары, этюд, сүрөттүк сүртүм, зарисовка гана же кээ бир өз алдынча маанидеги чыгармалар аткарылат (мисалы, портрет же пейзаж). Живописте, графикада жана скульпторлукта тематикалык композиция түзүү реалист – сүрөтчүдөн Н-да аткарылган көптөгөн даярдоочу этюд менен зарисовкаларды талап кылат. Н-ны тыкан окуп үйрөнүү сүрөтчүнүн ар кандай реалисттик идеяларды ишенимдүү, жандуу чагылдыруусунун эң маанилүү шарттарынын бири болуп эсептелет. Н. термини бул сөздүн кеңири маанисинде объективдүү чындыкты анын бардык кубулуштарында жана ар түрдүүлүгүндө көрсөтөт, бирок бул мааниде ал аз колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]