Нафтолдор

Википедия дан

Нафтолдор, оксинафталиндер — нафталинден алынган бирикмелер, жалпы формуласы: С10Н8-n(ОН)n. ОН-тобунун нафталин циклинде кайсы көмүртек атомунда жайгашкандыгына жараша a-, b-Н. деп бөлүнөт жана бири-биринен физ. касиеттери менен айырмаланышат. a-нафтол — саргыч түстөгү кристалл. Балкып эрүү 196, ГС, кайноо 1288°С. Спирт, эфир, бензол, хлороформ, ацетон, щелочтуу эритмесинде жакшы, ал эми сууда начар эрийт. a-нафтиламин-ди гидролиздөө реакциясынан, тетралинди тетралонго чейин окистендирип, андан ары дегидрирлөө реакциясынан алынат. Нафтолсульфок-таны, галогендүү жана нитронафтолду, азобоёктор синтездөөдө колдонулат. b-нафтол балкып эрүү 1122°С, кайноо 1295°С болгон кристаллдык зат. Спирт, эфир, бензол, хлороформ, ацетондо жакшы эрийт, сууда эрибейт. р-нафталинсульфок-таны щелоч менен кошуп ысытуудан алынат. Ө. ж-да, нафтолсульфок-талар, антиоксиданттар өндүрүүдө колдонулат. Терини, дем алуу органдарынын былжыр-луу чел кабыктарын, көздү дүүлүктүрөт. Ошондуктан, имараттагы конц. 0,1 мг/м3 ашпоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]