Нахимов Павел Степанович

Википедия дан

Нахимов Павел Степанович [23. 6 (5. 7). 1802, азыркы Смоленск Облусттук, Андреев району,Нахимов кыштагы - 30. 6 (12. 7). 1855, Севастополь] — орус флот башчысы, 1834-жылдан Кара деңиз флотторунда адмирал (1855). Дениз кадет корпусун бүтүп (1818), Балтика флотунда, кызмат өтөгөн. 1822-25-жылы «Крейсер» фрегаты менен дүйнөнү айланып чыккан. Навара салгылашына (1827) «Азов» линкорунда батарея командири катары катышкан. Орус-түрк согушунда (1828-29) корветке, 1829-жылы Кронштадтка келгенден кийин «Паллада» фрегатына командалык кылган. 1845-жылдан контр-адмирал, 1852-жылдан вице- адмирал, флот дивизиясынын начальниги. Нахимов - аскер-деңиз өнөрүнүн билерманы. Крым согушунда (1953-56) Кара дениз флотунун эскадрасын башкарып, Синоп жанында түрк флотун талкалаган. Севастополь коргонуусун (1854-55) уюштурууну башкарып, коргоочулар арасында кадыр-барк тапкан. Малахов дөбөсүндөгү алдыңкы коргонуу чептерин көрүп жүрүп, окко учкан. Нахимовдун сөөгү Севастополдогу Владимир соборуна коюлган. 1959-жылы Севастополдо эстелик (скульптор Н. В. Томский) тургузулган. СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы (1944) боюнча 1- 2-даражадагы Нахимов ордендери жана Нахимов медалдары белгиленген. СССР АДФтин бир крейсерине Нахимовдун ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]