Нашатырь спирти
Нашатырь спирти — аммиактын суудагы 10%түү эритмеси.
Баяндамасы[оңдоо | булагын оңдоо]
Кескин жыттуу тунук, учма суюктук.
Таасири[оңдоо | булагын оңдоо]
Аны менен дем алганда дем алуу жана кан тамырларды, кыймылдаткыч борборлорун дүүлүктүрөт. Ошондуктан, аны эстен танууда, ичкилик менен ууланганда жыттатат же 100 мл сууга 5—10 тамчы кошуп ичкенге болот.
Медицинада[оңдоо | булагын оңдоо]
- Хирургиялык практикада кол жууш үчүн колдонулат.
- Суюк дары майлардын составына да кирет.
- Эси ооп калганда дүүлүктүрүш үчүн.
- Кусуу индукциясы болгондо (алкоголдон).
- Курт-кумурскалар чакканда.
- Невралгия жана миозиттерде.
Терс таасири[оңдоо | булагын оңдоо]
- Сууга кошпой ичсе, кекиртек жана ашказанды күйгүзөт.
- Сууга кошпой териге сүйкөсө, терини күйгүзөт.
- Аммияктын буусун көп көлөмдө жыттап алса, дем алуу рефлектордук болуп токтоп калат.
Нашатыр спиртине ууктуруулуп калса ичи өтүп, кусуп, ичи ооруп, коллапс менен ооруп, мурду бүтүп, тамагы шишип, жөтөлүп, тарамыш тартышып өлүп да калышы мүмкүн. Гидроксида аммонийдин өлгүдөй өлчөмү 10—15 г.
Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8